www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Төрага Дастанбек Жумабековдун Талас облусундагы иш сапары уланууда

Перизат Кутманалиева 26-март 2019, 17:44

Коом


Төрага Дастанбек Жумабековдун Талас облусундагы иш сапары уланууда

Бүгүн, 26-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Талас облусундагы иш сапарынын алкагында Бакай-Ата жана Талас райондорундагы бир катар жалпы билим берүү мекемелерине барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Алгач Төрага Дастанбек Жумабеков Миң-Булак айылында жайгашкан 375 орундуу Батырбашев атындагы мектептин курулушу менен таанышты. Муну менен катар быйылкы жаңы окуу жылына карата ишке бериле турган аталган билим берүү мекемесине беш компьютер белекке берди.

Мектептерди жана бала бакчаларды курууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айткан Төрага жаңы окуу имараттарынын ачылышы өлкө үчүн маанилүү экенине токтолду. 

Андан соң Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Талас районундагы Кууганды айылында курулган бала бакчанын ачылышына катышып, короосуна карагайдын көчөтүн отургузушту. Ошондой эле Төрага бала бакчага 50 миң сомдун сертификатын тапшырды. 

Кошумчалай кетсек, Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар тобу Талас облусунда иш сапар менен жүрөт. Делегация курамында депутаттар Гүлкан Молдобекова, Зарылбек Рысалиев, Кенжебек Бокоев жана Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев бар.

Булак: NazarNrews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83