www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР Билим берүү жана илим министрлиги: Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын ректорлорунун Биринчи форуму өтүүдө

Кызгалдак Жакыпова 27-март 2019, 18:08

Илим


КР Билим берүү жана илим министрлиги: Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын ректорлорунун Биринчи форуму өтүүдө

Бишкекте 2019-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын  ректорлорунун “Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү – келечекке инвестиция” аттуу Биринчи форуму өз ишин баштады.

Форумдун максаты - эки тараптуу кыргыз-россиялык илимий жана билим берүү кызматташтыкты кеңейтү.

Форумдун ишинде Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министри Михаил Котюков, Россия Федерациясынын Агартуу министри Ольга Васильева, Россиялык ректорлордун союзунун президенти Виктор Садовничий жетектеген 40 Россиянын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү жана Кыргызстан тарабынан Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, КР жогорку окуу жайлардын ассоциациясынын төрагасы Абдылда Мусаев баштаган 31 жождун ректорлору катышууда. Форумдун катышуучулары жалпы евразиялык билим берүү чөйрөсүн түзүүнү жана күчөтүүнү, жогорку билим берүүдө кызматташтык горизонтторун кеңейтүүнү талкуулашууда.

Форумдун программасында пленардык отурум жана төмөнкү тематикалар боюнча сессиялык блок: "Орус тили  Россия Кыргызстандын илимий билим берүү  интеграциясынын негизи"; "Табигый илимий жана гуманитардык жаатындагы кыргыз-россиялык кызматташтыгы"; “Экономиканы модернизациялоо  шарттарында кадрлады даярдоодо жаңы мамилелер". Форумдун жыйынтыгында КР жогорку окуу жайлардын ассоциациясынын жана Россиялык ректорлордун союзунун кызматташтыгы тууралуу Макулдашууга кол коюуу күтүлүүдө, ошондой эле Россия менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы биргелешкен программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу жана кызматташуу боюнча 79 эки тараптуу келишимге кол коюлат.

Нуриза Молдошова, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83