www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жолду кеңейтүү үчүн Ботаникалык бактын дарактары кыйылат

Перизат Кутманалиева 27-март 2019, 11:47

Саясат


Жолду кеңейтүү үчүн Ботаникалык бактын дарактары кыйылат

Бишкек шаарынын вице-мэри Уланбек Азыгалиев Кара-Көл көчөсүн кеңейтүү үчүн Ботаникалык бактын дарактары кыйыларын маалымдады. Бирок канча дарак кыйыларын азырынча так айткан жок. Учурда атайын түзүлгөн комиссия жеринде иштеп жатат. Бул тууралуу маалыматты Азаттык  билдирди.

Буга байланыштуу активисттер бакты коргоп калуу үчүн кайдыгер эмес шаардыктарды 27-мартта чогулууга чакырышкан. Активисттердин айтымында, борбор калаанын өпкөсү деп эсептелген Ботаникалык бакта дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунан алып келинип, 50 жылдан ашуун убактан бери өстүрүлүп келаткан өзгөчө дарактар бар. Жол салуу менен бактар кыйылып гана тим болбой, шаардын инфраструктурасы да бузулат.

Акыркы үч жылдан бери ботаникалык дендрарий бакты сугаруу, тазалоо иштерине шаардык волонтерлор тартылып, ал жакта түрдүү иш-чаралар өтүп келатат.

Мындан эки жыл мурун да борбор калаадагы Алиаскар Токтоналиев жана Максим Горький көчөсүндөгү Ботаникалык бактын четиндеги дарактар жолду кеңейтүү максатында кыйыла баштап, активисттердин каршылыгынан кийин токтогон.

2018-жылы Кыргызстандын аймагында 3 327 даана ар кандай түрдөгү бак-дарак кыйылганын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги маалымдаган. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83