www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркияда калган арзуу

Айдар Нуралиев 27-март 2019, 21:05

Адабият


Түркияда калган арзуу

Мен дагы эл сыяктуу акча табуунун айынан көпчүлүктүн катарын толуктап, Түркияга барып иштеп калдым. Анткен менен түрктөр аял затына үзүлүп түшүп, ушунчалык жакшы мамиле жасарын байкадым. Балким, мен барган жердеги түрк адам ошондойбу ким билет...

Бир жылга жакын жетимиш жаштан өткөн кемпирди багып, эч жакка деле чыга алганым жок. Анткен менен кемпирдин баласы ушунчалык мага жылуу мамиле жасап, жакшы сөздөрүн менден аябады. Бирок ал менден кыйла улуу болсо дагы, мага жаш адамдай көрүнүп, ушунчалык акыркы кездерде мени өзүнө арбап бара жатты. Бирок ал кишинин аялы, эки кызы бар. Аялы эки кыз төрөп ошол бойдон төрөбөптүр. Андан дагы бир күнү күндөгүндөн эрте келип, мага арманын айтып калды:

-Жазира, билесиңби, менде байлык жетишээрлик, бирок ошол байлыктарымды калтыра турган мураскерим жок. Ал эми кыздарым бойго жетти. Эми алар дагы турмушка чыгып кетсе, мен эмне кылам. Кыскасы, бул салган там, жыйган дүнүйө кимге калат, маселе мына ушунда. Ушунчалык берилүү менен арманын айтып жатканда мен аяп кеттим, ал турсун аз жерден “сиз мага жагасыз” деп, айтып жибере да жаздадым. Анткен менен анын аялы абдан кызганчаак анан өзүмчүл экенин барган күнү эле байкагам. Эгер мен анын күйөөсү менен мамиле түзүп алганымды билсе, ал мени соо койбосу да чын болуучу. Бөтөн жерде кысчу жерди кысып эле жүрүүнү ойлоп, эч ашыкча сөз айтканым жок. Бирок, жүрөк деген неме ар кандай ойго жетелеп, Давитти эске сала бергенин мени кыйнап бүттү.

Бир жолу Давиттин апасы өзү айтып калды:

-Келиним жакшы эмес, эгер ал жакшы болсо мен балам менен эле бир үйдө жашайт элем го. “Балам абдан кыйналды” деп, келинин жаман көрөрүн айтканда, менин Давитке карата оюм баштагындан күч алып, аны көрбөсөм тура албаган абалга жеттим. Анткен менен ушунчалык сабырдуулук кылдым.

Давит адамкерчиликтүү анан түшүнө билген жакшы жан эле. Акыры менин документимди шылтоолоп кетип калууну ойлоп оюмду айтсам, Давит дагы менден ушул сөздү күтүп жүргөн белем даро эле макул болду. Анын сырткы келбети эле аялын кызганып жаткандан белги берген. Анан ал, мен кетээрде колумдан кысып, ашыкча акча берип:

-Мени эстеп жүр, мен сага айта турган сөзмдү айта албай калдым!-деп, мени да жакшы көрөрүн билгизип, айласы жок гана мени менен коштошту. Апасы кадимкидей мага көнүп калганбы, ыйлап узатты. Жакшы адамдар менен коштошуу да өзүнчө бир азап белем. Ошентип, өзүмдөн кыйла жашка улуу Түрк улутундагы кишиге арзуумду арнап, бирок ага жетпей ичимден сызып келем. Бир жагынан ал жерден убагында кетип калганыма кубандым. Анткени биздин мамиле тереңдеп кеткен болсо, аялы баары бир жашоо бермек эмес. Ар бир нерсенин өзүнүн убагы болот белем... Азыр мен жакшы ишке кирип алып, эки жылдан бери түркияга бара элекмин. Барган күндө деле мен Давитке жолуга албайм. Ал Анкарадан алыс шаарда жашайт.

Менин жүрөгүмдү багынткан кандай эркек болот болду экен деп жаш кезимден ойлончумун, бирок тили буру, өзүмдөн улуу киши болуп калганына азыр дагы өкүнөм. Албетте бул дагы буйрук экенин кантип танууга болот –деп, Жазира сөзүнө чекит койду.

Укканын жазган Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83