www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жылан чакырган бала

Кызгалдак Жакыпова 30-март 2019, 20:02

Адабият


Жылан чакырган бала

Бул окуя жетимишинчи жылдары алыскы айылдардын биринде болгон экен...Он жаштагы Дөөлөттүн ата-энеси күнүгө эртелеп талаага жумушка кетип, кечинде келишет, Баласы алар жокто мектепке барып жатабы, балдар менен кандай ойноп жүрөт деген кызыгуу менен атасы бир күнү Дөөлөттүн классташы, теңтуштары менен жолугуп, сурап калды. Бирок алар бир ооздон "Сиздин балаңыз биз менен ойнобойт, сабакка да дайыма катышпайт" - дешти. Атасы буга аябай таң калды. Дайыма эле мектепке барып жатканын, андан кийин кошуна балдар менен ойноп жүргөнүн айткан Дөөлөттүн мындай калпты шыпыртып жатканы эмнеси деген кыязда, бирде ишенсе, бирде ишенбей калган атасы бир күнү жумушка барбай, баласын аңдымакчы болду.

Адаттагыдай эле, атасы менен энеси талаага кеттик деп үйдөн чыгып, анан экөө сүйлөшүп алышат да, атасы калып калат. Үйдүн ары жагындагы чоң дарактын алдында баласынын мектепке жөнөшүн күтүп, көрүнбөй олтура берет.

Арадан жарым саат өтөт. Сумкасын көтөргөн Дөөлөт үйдөн шашып чыгат да, эч жакты карабай, айылдын четиндеги токойду көздөй чуркап жөнөйт. Аңдып жаткан атасы анын артынан калбай, ээрчип жүрүп олтурат. Токой айылдан алда канча алыс болгондуктан, бир саатча жол жүрүштү. Дөөлөт артын бир жолу караган жок. Эмнегедир шашып баратты. Токойду аралап өтүп, орто чениндеги ачык жерге келип токтоду. Бул жер жарым гектардай болгон аянт эле. Дөөлөттүн атасы ушунча жыл ушул жерде жашап жүрүп бул жерге келген эмес экен. Дөөлөт аянттын так ортосунда турган чоң ташка секирип чыкты да, улам эки жагына көз чаптыра ышкыра баштады. Атасы эмне болор экен деп таң кала бери жакта жашырынып карап турду. Дөөлөттүн ышкырыгы чыгар замат аркы жактан да ышкырык чыгып, ал улам катуулап, жакындап, кандайдыр бир бороон-чапкын жакындап келаткан сыяктуу сезилди. Атасы бери жакта жүрөгү опкоолжуп, эми эмне болуп кетер экен деп кыжалат болуп турду.

Бир маалда токойдон жайнаган жыландар чыкты!.. Баары ышкырып, баштарын жогору көтөрүп, бийлеп келаткандай туюлду. Алар менен кошо муздак шамал уруп, токойдогу чөптөр да жерге жапырыла-жапырыла түшүп жатты. Дөөлөт ышкыра берди. Жыландар да аны коштоп, хор ырдагандай "ансамблге" кошулуп, шуулдашып келип, чоң таштын айланасына жыйнала баштады.

Атасы көргөн көзүнө ишенбей, түшүмбү же өңүмбү деп, бир жагы коркуп, эмне кыларын билбей көпкө чейин дендароо болуп турду. Арадан көп деле убакыт өтпөй, жыландардын келүүсү токтоду. Алар Дөөлөттү эле күтүп турушканбы, айтор, анын ышкырыгы чыгары менен эле дароо жыйналды. Ар кандай жыландар экен. Чоңу да кичинеси да бар.

Бир кезде Дөөлөт ышкырганын токтотту да, сумкасынан бир нанды алып чыгып, аны майдалап, жыландарга чачты. Жыландар жемге чуркаган тооктордой болуп бир козголуп, ары-бери соймолоңдошун, нандын күкүмдөрүн бири-биринен талашып сугунушту да, анан баштары жогору көтөрүлүп, Дөөлөттү карап калышты. Ал эми Дөөлөт кайрадан ышкырып кирди. Анын ышкырыгы кадимкидей жыландардын ышкырыгындай чыкты.

Дөөлөттү коштоп, анын ышкырыгын улап, жыландар да тим турбай, ышкырышып, койкоңдой бийлешип, өзүнчө эле бир чоң салтанат куруп жатышкандай жыргап жатышты.

Дөөлөттүн жыландар менен болгон "чогулушу" дейбизби же арбашуусу дейбизби, айтор, эки саатка созулган бул жыйынды карап олтурган атасы аң-таң калып, алкымына жүрөгү тыгылып, араң эле чыдап олтурду.

Бир кезде Дөөлөт мурдагыдан башкачараак кылып ышкырды эле жыландар да ага ошондой жооп жыландар да ага ошондой жоопкылышты да, шарт артка бурулуп, келген жактарына жылып кетишти. Бир заматта көздөй кайым болуп, токойго житип кеткен жыландарга артынан кубанычтуу карап турган Дөөлөт акырын таштан түштү да, айылды көздөй келген жолу менен жөнөдү. Атасы ошол замат калың бадалдын арасына бекине калып, баласын өткөрүп жиберип, артынан аңдып, үйүнө чейин ээрчип келди.

Дөөлөт айылга киргенде эч ким менен сүйлөшкөн да, учурашкан да жок. Мектепке да барбады. Түз эле үйүнө келип кирип кетти. Атасы ушулардын баарын көрүп, баласынын артынан үйгө кирүүнү эп көрбөдү. Кыскасы, сыр алдырбай аны сынап көрөйүн деп ойлоду. Анан жумушуна кете берди.

Кечинде атасы иштен келип, баласына сыр алдырбай, чайга олтурганда гана минтти:

- Кандай, балам, окуу жакшыбы?

- Жакшы эле... - деди ооз учунан Дөөлөт.

- Мектептен кийин эмне кылдың?

- Балдар менен ойнодум...

Атасы башка суроо салбады. Унчукпай чайын ичип, жамбаштап жата кетти. Аялына да эч нерсе билдирген жок. Көпкө чейин шыпты тиктеп жатып, көз алдына күндүзгү жыландар келе баштады. Алар үйдүн шыбынан ылдый карай соймолоңдоп түшүп келаткандай сезилди. Чочуп кетип, ордунан тура калды. Аны байкаган аялы:

- Эмне болду? - деди чочулаган өңүн байкап.

- Эчтеке...

Атасы канчалык сыр алдыргысы келбесе да, өзгөрө түшкөнү, бир нерсеге кыжалат болуп турганы өңүнөн билинип турду.

Дөөлөттү атасы эртеси да жумушка барбай аңдып олтурду. Бирок бу сапар ал түз эле мектепке барды. Жолу болбогон атасы андан ары жумушуна кетти. Андан кийинки күнү да аңдымай болду. Тилекке каршы, Дөөлөт бул күнү да токойго барбады. Ошентип олтуруп жума күн да жетип келди. Болду-болбоду ушул күнү Дөөлөттү токойго барат деп ойлоду атасы. Анткени өткөндө так ушул жума күнү ал жыландар менен кезиккен болчу.

"Атасынын боолгогону туура чыкты. Жарым саат өтпөй сыртка чыккан Дөөлөт жашынып жаткан атасын байкабай, түз эле токойду карай чуркады. Атасы болсо анын артынан ээрчип жөнөдү.

Так эле өткөндөгүдөй окуя кайталанды. Дөөлөт токойдун орто чениндеги ачык жердеги чоң таштын үстүнө чыгып, ышкыра баштаганда кайдан-жайдан зуулдап, ышкырып жыландар келе баштады.

Ошондон бери бир жума өтүп калган. Кечке маал атасы менен апасы жумуштан келсе, үйдө столдун үсүндө көп акча жатат.

- Бул кайдагы акча? - деп таң кала сураган атасына Дөөлөт таң калып жооп берди:

- Дүкөнчү аял берди.

- Ал эмне үчүн берет? Мынчалык көп акчаны сага бергидей...

- Билбейм, сабактан чыгып келатып дүкөнгө киргем. Дүкөнчү аял мени карап алып эле кызыктай болуп кетти да, шаша-буша кассасындагы акчаларды бери сууруп чыгып, мага бере баштады. Албайм десем болбой койду. Мен эч нерсе түшүнбөй, көтөрүп алып үйгө келе бердим.

Атасы аябай таң калды. Эмне үчүн мындай болду? Кой, барып тактайын деген ой менен Дөөлөттү ээрчитип алып, акчаны көтөрүп дүкөнгө барса, ал жерде эл чогулуп калыптыр, арасында участкалык инспектор да жүрөт. Эң алды эмне болгонун түшүнбөй, ал жердегилерден Дөөлөттүн атасы сурап калды:

- Деги, тынччылыкпы, эмне болуп кетти?

- Дүкөндүн кассасынан көп суммадагы акча жоголуптур.

- Дүкөнчү аял ушул жерде туруп эле акчасынын кайда житип кеткенин билбейт экен.

Иштин чоо-жайын эми түшүнгөн Дөөлөттүн атасы болгон окуяны ал жердегилерге айтып берип,койнундагы акчасын сууруп чыкканда элдин

баары элейип таң калды. Дүкөнчү келин акчаныДөөлөткө кантип кармата салганын да билбейт. Дөөлөттүн дүкөнгө киргенин бир билет, калганын эстей албай койду.

Мындай таң каларлык окуя айылга тез эле тарап, Дөөлөттө кандайдыр бир касиет бар экен деген аңыз кеп пайда болду. Элдин баары ага башкача көз караш менен карап, абайлап мамиле кыла башташты. Дөөлөттүн жыландар менен жолукканын укканда айылдагы таң калуулар андан да ары күчөп, мал-сал айдагандар ошондон кийин токой жакка каттабай калышты.

Арадан үч ай өтүп-өтпөй, райондон эки киши келип, Дөөлөттүн ата-энеси менен көпкө чейин сүйлөшүп, "бул балаңыз өзгөчө бала, аны биз окутабыз" дешип, алып кетишет. Кийин Дөөлөттөн деп ай сайын ата-энесине почта аркылуу акча келип турду. "Дөөлөт мамлекеттик жакшы кызматта иштеп жатыптыр" деген ушак тарады айылга. Ата-энесинен сурашса, алар деле чын-төгүнүн билишпейт экен. "Эң башкысы бизге акча салып турат, эсен болсо болду" - дешет алар.

Андан бери көп жылдар өттү. Дөөлөт эр жетип, үйлөнүп, борбордо кызмат кылат дешет. Эмне кызмат кыларын эч ким билбейт. Жашыруун жумушпу, айтор, жылына келсе бир жолу айылга келип кетет экен эч кимге көрүнбөй...

А. Саматов, NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83