www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Валентина Шевченко UFC уюму менен жаңы келишимге кол койду

Айдар Нуралиев 01-апрель 2019, 17:35

Дүйнө жүзүндө Спорт


Валентина Шевченко UFC уюму менен жаңы келишимге кол койду

Макулдашууга ылайык, Шевченко UFC турниринин алкагында бир нече беттеш өткөрөт.

Аралаш эр уруш боюнча кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC уюму менен жаңы келишимге кол койду. Бул тууралуу ESPN порталы жазды.

Жаңы келишимге ылайык, Шевченко UFC турниринин алкагында бир нече беттеш өткөрөт. 

"Биз Валентина үчүн пайдалуу болгон келишимге кол койдук. UFC менен болгон мамиле жакшырып баратат", — деди спортчунун менеджери Роджер Аллен.

Жакында жолугабыз! Валентина Шевченко Бишкекке келерин айтты

Кыргызстандык мушкер кыз кийинки беттешти америкалык Жессика Ай менен өткөрүп, чемпиондук курун сактап калууга жан үрөйт.

30 жаштагы Валентина Шевченко 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону аталган.

Жакында эле Шевченко UFC уюмунун эң мыкты 15 мушкеринин катарына кирип, Хабиб Нурмагомедов жана Конор Макгрегор менен теңтайлашты.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83