www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМ: 10 000 АКШ доллар талап кылган жаран КМКнын УККБнын ыкчам кызматкерлеринин кылтагына түштү

Кызгалдак Жакыпова 01-апрель 2019, 17:49

Кылмыш жана кырсык


ИИМ: 10 000 АКШ доллар талап кылган жаран КМКнын УККБнын ыкчам кызматкерлеринин кылтагына түштү

Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери опузалап талап кылган топтун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту. Белгисиз адамдар, өздөрүн криминалдык авторитет катары аташып, Чүй облусунун жашоочусунан ири суммадагы акча каражатын талап кылышкан. Талап кылган акча каражатын төлөөдөн баш тарта  турган болсо, кылмышкерлер жабырлануучуга карата физикалык күч колдоно турушкандыгын айтып коркутушкан.  Алардын коркутууларынан эч кандай пайда чыкпаган соң, зомбулук көрсөтүүгө өтүшкөн. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

2019-жылдын март айынын башында ички иштер органдарына бейбаштык жана опузалап талап кылуу фактылары жөнүндө арыз келип түшкөн. Күндүзү кылмышкерлер Чүй облусунун жашоочусунун үйүнө барышып,  10 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылышкан.

Ошол эле учурда бычак менен коркутушуп, денесине жаракаттарды келтиришип,  ишкерди күч колдонуп автоунаага салышып, адам жок жерге алып барышып, автоунаанын багажына камаган. Жабырлануучунун туугандары издеп келип калганын байкашкан соң аны коё беришип, өздөрү кетип калышкан.

Аталган факты КЖБРге катталып, Аламүдүн РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмү (Опузалап талап кылуу), 170-берененин 2-бөлүмү (Адамды уурдоо), 266-берененин 2-бөлүмүнө (Бейбаштык) ылайык сотко чейинки иликтөөлөрүн башташкан.

Жогорудагы фактыны иликтөөгө ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тартылган.

КМКнын УККБнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн  ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси барлардын өздүгү такталган.

Көрүлгөн чаралардын негизинде шектүүлөрдү бири Жалал-Абад облусунун тургуну 1984-жылы туулган Дж. А. аттуу кармалган. Ал мурда карактоо жана опузулап талап кылуу беренелери боюнча соттолгон. Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча жогорудагы жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин  ыкчам каттоосунда турат. Шектүүнүн жашаган жерин текшерүү учурунда далил буюм катары  жабырлануучуну коркуткан бычак табылган.

Азыркы учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы текшерилүүдө. Сотко чейинки иликтөөлөр жүрүп жатат, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83