www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кененсары менен Норузбайдын башы эмнеге алынган?

Кызгалдак Жакыпова 02-апрель 2019, 18:19

Турмуш Адабият


Кененсары менен Норузбайдын башы эмнеге алынган?

Тээ илгертен бери эле коңшу казак эли менен биздин эл бири-бири менен урушуп-чабышып келгенине карт тарых өзү күбө.Бирок көбүнчө казактар өздөрү кол салып кыргыз жерине келип, кайра жеңилүү ызасын тартып кеткен учурлар көп болгон.

Айткандай элек казактар пир туткан Кененсары, Норузбай деген эки бир тууган, “кыргызды тукум курут кылып, жерин басып алабыз” деп кол топтоп, тынч жаткан элге кол салууну жакшылап пландаштырып анан жолго чыгар күнү карындашы эки агасынын алдын тосуп:

-Агаларым, менин тилимди алып койгула.Силер кыргыз баурларга кол салбагыла, аягы жаман бүтөт!-дегенде Кенесары кабагы түйүп:

-Эмнеге?-дегенде, карындашы жан алы калбай:

-Агаларым, мен түндө жаман түш көрдүм, түшүмдө чачым жыдым түшүп калыптыр. Бул алдына ала берилген белги. Айтайын дегеним, барсаңар жолуңар болбой жеңилүү ызасын тартып каласыңар!-дегенде агасы Кененсары кебелбей, манчыркап, үнүн жогору чыгарып:

-Түшкө эмнелер гана кирбейт, сени түш көрдү деп жолдон калмак белек!-деп, тилди албай жолго чыгат. Бирок эмнегедир жүрөгү опкоолжуп, кара көңүл болот. Бирок камынып алгандан кийин деп, баатырлык энөөлүккө алдырып жоокерлери мене кыргыз жерине келип, чүйдөгү болгон Солто уруусунун элин чаап, катуу кордук көргөзүп жатканда Кочкордон Ормон хан жигиттери менен жардамга келип амал менен Кененсары менен Ноорузбайдын чабуулун токтотуп, аларды колго түшүргөндө, эки бир тууган карындашынын айткан сөзүн эстешип, түш жөн жерден аян бербегенин моюнга алышкан экен.

Эгер карындашынын тилин алып коюшканда экөө азаптуу өлүмгө туш болушпайт эле. Андан дагы колго түшкөндө алар “хан Ормондун жүзүн көргөзүп анан башыбызды алгыла” деп өтүнгөндөТөрөгелди баатыр күлүп:

-Хандын көзүн көргөн өлбөйт. Эгер силер хан Ормонго жолуксаңар, ал киши силерге азат берет. Анан кайра келип тынч жаткан элге кол саласыңар!-деп болбой экөөнүн башын алдырып салган экен.

Ошентип Кененсары менен Ноорузбай бей күнөө кишилердин өмүрүн кыйганы үчүн өз жасаларын алып тынганы тарыхта айтылып калган.

Айталы дегенибиз, Кенесары менен Ноорузбай эгер карындашынын тилин алып, кыргыз элине кол салбай, достук мамиле менен келип сүйлөшкөндө баары башкача болот беле ким билет.

Кыскасы, мындай опурталдуу иштер болор адында сөзсүз түштөн аян берилери да чын. Андыктан түшкө дагы ишенип, берилген аянга көңүл бургандын өзү ар тараптуу кырсыктан сактаары да чын. Айталы дегенибиз, учурда адамдардын аң сезими башкача болуп, бир гана диндин талаптары менен жашап калган бул да адамдагы кемчиликпи. Анткени биз да бир улуу элдин урпагыбыз. Биздин эл тээ илгертен бери түштөн берилген аяндарга көңүл буруп келгенин да эске алганыбыз жөндүү.

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83