www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО: “Гейлердин” стилине түшкөн ырчы Мирбек менен “киндигин” көрсөткөн кыз...

Кызгалдак Жакыпова 04-апрель 2019, 19:22

Маданият


ВИДЕО: “Гейлердин” стилине түшкөн ырчы Мирбек менен “киндигин” көрсөткөн кыз...

Кечээ, 3-апрелде YouTube каналына мурдагы эскирип бара жаткан ырчы Мирбек Иманбеков менен Наргиза Айтемированын жаңы “Жаным” деген клиби жарыяланды.

Кызыгы, Мирбек Иманбеков сахнадан такыр алыстап калгандан кийин батыштын стили менен чыгайын дедиби айтор, стили “гейлердин” стилине окшоп, жанындагы ырчы кыздын стили Кудай бетин ары кылсын эле болуп калыптыр.

“Жыңалач” ырчы, темир чынжырларга оронгон Мирбек Иманбеков YouTube каналынан 24 миңден ашуун көрүүчүнү топтосо, 566 жаран “жактыны” басса, 532 жаран “жакпадыны” баскан. Ал эми 200дөн ашуун киши ырчыга ар кандай пикир калтырган.

Айрым шилтемелерди өзгөртүүсүз окурмандарга сунуш кылабыз...

"Жеңиш Шакиров Ичим эзилип калды күлө берип кантет мыналар...Ееепта брат кантет вообще зыңк го. Тиги троско бир замокту клончик кылып асып койгондо вообще өлмөк.

Аяна Балтабаева Ооо, Мирбек Иманбеков сахнага кайра кайтып келгенби?

Ikizler Tv Наргиза түнү менен денеңе жазып чыктыңбы?

Altyn Ishenbaeva Мирбек мырзаны күтөбүз чоң сахнадан ийгилик сизге ...Бир кезде сизге ашык болуп ыйладык эле.

I love happiness  Оой ужаас ичииим, Мирбек тиги мойнундагы тросуң канча кг чыгат, чечип эле койсоң мойнуң ооруп калып жүрбөсүн. 

Гулбарчын Саматова "Жаныңда болсом кумарыңа тойбойм" дейт го шумдук го...

Алтынбек Карабеков Жакшы зор клип,мага жакты...", - деген шилтемелер жазылган. 

Сахнадан бир топ жылдан бери алыстап кеткен Мирбек мырзанын стили чынында күлкү келтирет. Мындай кыргыз жыттанган, кымыз жыттанган кара тору биз сыймыктанып жүргөн Микунтайга (Мирбек Иманбековго) эмне балакет басты?-деген суроо жаралат.

Койчу ай Мирбек! Жылаңач төштү жапчы ары... “мойнуңдагы чынжыр” кыргыздын эркектерине жарашпайт деле..."Таластык кыз ай" деп так секирип сахнага чыкканда сени канчалаган сүйдү эле, бүгүнкү стилиң кантет... "Кошмар" го...

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83