www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалбыракты акчага айланткан адам

Кызгалдак Жакыпова 16-апрель 2019, 14:11

Адабият


Жалбыракты акчага айланткан адам

Арийне, бул окуяны ким укса да, окуса да ишене беришпейт. Бирок бул чыныгы болгон окуя. Андан бери ушунча көп убакыт өтүп да кетти. Ошол окуяны кайрадан эске салууга туура келип жатат. Шадыкан бакшыны убагында кыргыз эли бүт билбесе дагы, Нарын өрөөнүндө таанымал, белгилүү бакшы болгонуна тарых күбө. Себеби Шадыкан бакшы өз доорунда элге көп пайдасын тийгизип, карапайым элге көп жолу ажаат ачканы азыр да эл оозунда айтылып жүрөт. Ал жөнөкөй, карапайым эле момун адам болгон.

Анда мындай өнөр бар экенине бир көргөн адам ишенбейт. Шадыкан бакшы Нарын областына караштуу Нарын районунун Учкун айылында жашап өткөнү жөнүндө өз мезгилинде газета бетине макала болуп чыккан. Ошентсе дагы бул кишинин көп окуясынын бирин сиздерге дагы бир жолу кайталап, толуктап баян кылып жазып кетүүнү туура таптым. Колхоз-совхоз жаңы уюшулуп, жаңы гана бутунан туруп келатканда, биздин колхоз өкмөткө көп суммадагы акча төлөмөр болуп калат. Ошол кезде Куланак айылы менен Учкун айылы биригип бир айыл өкмөтү болуп аталып, райондун борбору Ат-Башы айылы болуп турган. Ошондо айылдын башкармасы Сыдыкбек деген киши болуптур.

Сыдыкбек бир күнү таң эрте Шадыкан бакшынын үйүнө келип, болгон ишти түшүндүрүп айтып, "колхозду  бакшынын үйүнө келип, болгон ишти түшүндүрүп айтып, "колхозду өкмөттүн карызынан куткарып бер, өнөрүңүз менен" деп өтүнөт. Ал кезде башкарма деген ушунчалык барктуу болуп, айткан сөзү эки болчу эмес. Башкарма башы менен өтүнүп, суранып келген Сыдыкбекке Шадыкан бакшы кыйылып атып араң макулдугун берет. Себеби жасай турган иши Кудайга жакпасын кантип билбей койсун. "Билбей жасаган күнөөгө караганда, билип жасаган күнөөнүн шарты оор экенин" Шадыкан бакшы Сыдыкбек башкармага түшүндүрүп айтып, "Бул сырды эми эч кимге айтпа, эртең эртең менен эрте аттаналы. Эртең күнгө шаршемби эмеспи" - дейт.

Сыдыкбек башкармага ушул эле сөз жетишпей турган. Себеби, ал кезде тартип күчтүү, өкмөттүн карызынан кутулбаса башкарма Сыдыкбек соттолуп кетмек. Соттолуп кетүү ошол убакта азыркы өлүм жазасына тете болчу. Ошентип эртеси эртең менен башкарма менен бакшы таң заардан эки ат менен чыгып, Чаянды аркылуу Кайыңды деген жайлоону ашып, Ат-Башы суусунун жээгине келгенде, экөө аттан түшүп, өзөк жалгашат. Анан бакшы Шадыкан Сыдыкбек башкармага ат кулак деген жалбырактуу чөптү бир баштык кылып тердирип келүүсүн өтүнөт. Башкарма тердеп-кургап эптеп бир баштык ат кулакты терип келип берет. Ал дубасын окуурдан мурун дагы эскертет, "Бул окуяны эч кимге айтпа" деп.

Сыдыкбек башкарма "кадырың жан болсун бул дегеле оозумдан чыкпайт" деп убадасын дагы бергенден кийин гана өзүнүн дубасыя окуп кирет. Көпкө окуйт, кенен эт бышым убакыт дуба окуйт. Актив болуп эл башкарган Сыдыкбек башкарма ошондо Шадыкан бакшынын өнөрүн өз көзү менен көрүп таң калып, жакасын карманат. Баягы өзү терген бир баштык ат кулак кадимки акчага айланганын көрөт. Бакшы дубасын окуп болот. -Өкмөткө колхоз канча акча карыз болсо санап ал, калганын ары жакка ташта. Сыдыкбек башкарма өзүнө керектүү сумманы санап алат, ашыгы баштыкта калат. Бакшы бат эле калган акчаны кайра ат кулакка айлантып, башкарманы шаштырат.

-Бол кеттик тезирээк. Бул акчаларды эрте төк өкмөткө, болбосо кеч болуп калат. Жети күндөн кийин акча кайра жалбыракка айланып калат. Ошентип экөө атка минип, күн төбөдөн оогондо Ат-Башыга келишип, дуба менен жасалган акчаны өкмөткө төгүп беришет да "карыздан кутулду" деген документти алышат. Анан кайра жолго чыгышат. Түнү менен айылга келген эки атчан ал күнү тынч эс алышат.

Эртеси Сыдыкбек башкарма Шадыкан бакшынын өнөрүнө баа берип, аны мал союп коноктогон экен. Бирок арадан бир топ убакыт өткөн соң, Сыдыкбек башкарма өзүнүн бакшыга берген убадасын унутуп, бир күнү мастык менен бакшынын сырын оозунан чыгарып коет. Ооздон чыккан сөз желдей тарап, тактап айтканда, бакшы менен башкарманын сыры азыркыга чейин эл оозунда айтылып келет. Т.Н., Нарын району

Булак: "Сырдуу дүйнө"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83