www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балдардын билим берүү тутумуна толук тартылышын камсыз кылуу үчүн республикалык бюджеттен жыл сайын кошумча 757 млн сом талап кылынат

Айдар Нуралиев 18-апрель 2019, 18:52

Илим


Балдардын билим берүү тутумуна толук тартылышын камсыз кылуу үчүн республикалык бюджеттен жыл сайын кошумча 757 млн сом талап кылынат

Бул маалымат Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеӊеште мектеп окуучуларынын өлкөнүн билим берүү тутумуна толук тартылышын камсыз кылууга багытталган «Билим берүү жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар тобу.

Демилгечилердин айтымында, Конституцияда акысыз билим берүү укугу кепилденип, негизги жалпы билимг милдеттүүлүк белгиленген. “Биз билим берүү тармагына бир катар талдоо жумуштарын жасадык. «Билим берүү жөнүндө» мыйзамда жалпы билим берүүнүн баардык үч деңгээли – башталгыч жалпы, негизги жалпы, орто жалпы билим берүү кепилденет”, - деди ал.

Демилгечилер тийешелүү билим деңгээлинин жетишсиздиги жаштардын бир бөлүгүнө социалдык жана экономикалык жактан терс таасир тийгизерин белгилешет. Мисалы, бир жылда орто эсеп менен өспүрүмдөр тарабынан жасалган 980 жана өспүрүмдөргө карата жасалган 1070 кылмыш иши катталууда.

Ушу тапта 9-классты бүтүргөн 13 миӊден ашуун бала билимин андан ары уланткан жок. Ал эми 15-16 жаштагы балдардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү жок, эмгек мыйзамында чектөөлөр болгондуктан, аларды ишканалар жумушка албайт. Ошондон улам, негизги жалпы билим алган жактарга милдеттүү акысыз билим берүү чарасын киргизүү демилгеси сунушталууда.

Алдынала эсептөөлөргө караганда, милдеттүү жалпы орто билим берүү, башталгыч же орто кесиптик билим берүү үчүн республикалык бюджеттен жыл сайын кошумча 757 млн сом, анын ичинде жалпы билим берүү уюмдарынын тутумуна 182 млн сом, башталгыч кесиптик билим берүү тутумуна 277 млн сом жана орто кесиптик билим берүү тутумуна 297 млн сом талап кылынат. Бирок, мындай каражат республикалык бюджетте каралган эмес.

Мыйзам долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтүн 2020-жылдын 1-сентябрынан баштап белгилөө сунушталууда.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын республикалык бюджетинде өлкөнүн жалпы билим берүү тармагына 32 млрд сом көлөмүндө каражат каралган.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83