www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кайрадан тирилген үркүн аскери

Кызгалдак Жакыпова 20-апрель 2019, 15:05

Адабият


Кайрадан тирилген үркүн аскери

(Фантастикалык аңгеме)

“21-кылымда Арал деңизинин кургашы менен көп нерсе өзгөрдү. Кургак чөлгө айланган бул деңиздин астынан чыккан туздар шамал менен кошо республикабыздын тоолоруна, тоолорундагы миңдеген жылдардан бери турган мөңгүлөрүнө учуп келип, аларды ээритүүдө…

Акыркы жаңылыктар боюнча Кыргызстан жана Кытай мамлекеттеринин ортосундагы тоодо ким экени белгисиз бир адам табылды. Ал адам жөнүндө маалыматтар дагы да толук бериле элек. Берилген кабарларга  караганда, ал  100 жыл мурунку Үркүн учурунда өз элин орус аскерлеринен коргоп жатып жоголгон кыргыз аскери экендиги айтылууда…

Аны эң биринчи болуп Хан-Теңри тоосунда жүргөн Англия альпинисттери көрдү. Аскер альпинисттерди көрүп аларды душман деп ойлоду да, кардын арасынан өз кылычын издей баштады. Альпинисттердин бактысына – ал кылычын таба алган жок…

Аны шаарга алып келишип, бир канча анализ жасалды. Ошол учурда аны психологдорго да көрсөтүү керек болчу. Тилекке каршы, аны менен кыргыз тилинде сүйлөшө алган психолоктор аябай аз болчу. Ошентсе да бир жаш психолог табылды. Көптү күттүргөн  маектешүү өткөрүлдү…

Бир канча күндөн кийин анализ жана психологиялык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы чыгып, жыйынтык боюнча анын аты – Канат экен. Чындап эле ал 100 жыл мурунку Үркүн учурундагы аскер башчыларынан болуп чыкты. Орус падышачылыгынын аскерлеринен Кытай жергесине качкан элин коргоо учурунда орус аскерлери тарабынан кармалып, тоодон кулап кеткен жана эч ким аны таба алган эмес…”

Мына мен жөнүндө жаңылыкта ушундай кабар берилген экен. Чынында эле көп нерсени эстей албай жатам. Шаарга алып келишкенине 2-3 жума болду. Түнкүсүн жакшы уктай албайм. Мага шаардан бир батир берилди.

Эң башкысы – окумуштууларга менин тоңуп, 100 жылдан кийин кантип кайра жашоого кайтканым кызыктуу болуп жатат. Алар мени ар күнү өздөрүнүн лабороториясына чакырып изилдемек болушту.

Алгачкы күндөрү мен лабораторияны таап бара албай койгонум үчүн алардан бир киши алып барып, алып келип жүрдү. Ал киши жүргөн-турганы, кийингени мага эмнегедир башкача сизилди. Карасам, айланамдагы азыркы адамдардын баары башкача кийиниптир: жакалуу көйнөк, узун шым, болгондо да аябай тар…

Бир канча күндөн кийин лабораторияга барууну үйрөнүп, өзүм эле барып жүрдүм. Жолдо толгон-токой түрдүү арабаларды көрөсүң, биринен-бири өтүп кооз. Анан да биз чыракка куюп жүргөн суюктукка окшогон, жыты бар бензин менен жүрөт экен. Айтор, кыргыздарда таң калычтуу өнүгүүлөр болгон тура. Бул мага аябай кызык болду, “эх мына ушул нерселер ошол учурда болгондо, көтөрүлүштөр эмне менен аяктамак…” — деп ичимдин күйгөнүчү…

Бир күнү троллейбустардын токтогон жеринен өтүп бараткан болчумун. Айдоочу артта туруп, троллейбустун эки зымын асманда асылган электро-жолдорго туштап атыптыр. Бул нерсе мага, ат үстүндө кетип атып тизгинин бурган кишинин элесин берди. Ошол күнү кечке чейин көргөн окуямдын таасиринде болдум. Себеби, Үркүндө качып баратып, жаным менен тең тулпарымды жоготкон болчумун.

Мына ушинтип күндөрүм лабораторияга барып келүү менен өтүп жатты. Менден күнүгө анализ алып, укол сайып жаткан дарыгер алмашты. Жаңы дарыгерди башкаларга окшотуу мүмкүн эмес болчу. Көрүнүшүнөн сүрдүү, жаш чамасы 40-45те болгонуна карабай беттерин бырыш баскан, көз айнек тагынып жүргөнү менен көзү жакшы көрбөйт экен. Мунун себебин сурасам “көз айнегимди алганыма 7-8 жыл болду” — дейт. Мага укол сайып жатып көзү жакшы көрбөгөндүгү үчүнбү, корккону үчүнбү, же башка бир сыр барбы – билбейм, колу титирегенсийт.

Мен ал дарыгер менен жакындашып, маек курууну кааладым. Тилекке каршы, бул нерсе ишке ашкан жок.

Мына бир айдан бери лабораторияга барып жүрөм. Акыркы күндөрдө түнкүсүн ар кандай түштөр көрүп жатам. Бул бир жарым ай ичиндеги эң чоң өзгөрүү эмес. Денемдим ар кайсы жерлеринен терилер сыйрылып, башымдан чачтар түшүп жатат. Кийинки күндөрү көзүм да жакшы көрбөй баштады. Кызык, бул эмнеден улам болуп жатат болду экен…

Кечээ жакында түш көрдүм. Албетте, азыр бул түшкө басым жасап айтып жатканымдын себеби, биринчи жолу түш көрүшүмдө эмес, бул түшүм жөнөкөй көрүнгөнү менен, ал түшүмдү түшүнө албагандыгымда.

Түшүмдө бир кичинекей кыз оң колу менен жазгандарын сол колундагы өчүргүч менен өчүрүп жатыптыр. Жана айтканымдай, бул түшүмдү түшүнө алган жокмун. Сурап билгенге да адам жок, жанакы дарыгердин оюн билип көрмөкчү болдум.

Эртеси барып ага көргөн түшүмдү төкпөй-чачпай айтып бердим. Анын айткан сөзү мындай болду:

— Түшүң жөнүндө бир нерсе айта албайм. Бирок көрүп турам, терилериң сыйрылып, чачың түшүп жатат, — деп ары карап өз алдынча “баары жакшы, баары план боюнча кетип жатат”, — деп койду. Мен жакшы укпагансып:

— Эмне дейсиз, доктор? – деп сурадым.

Ал мага карап:

— Эч нерсе… 2-3 күндөн кийин сага бир кат берем, — деди.

Мен унчукпай үйгө жөнөй бердим.

Эки күн өттү. Түнкүсүн уйку жок. Ак жарык дүйнө кызыл, тозокко айланып баштагандай. Көз тамырларым чоңоюп, кан толуп, карегимди жабып баштады. Ал эле эмес кулактарымдан кан тамчылай баштады.

Эртеси күн лабораторияга барганда дарыгерге катты эстеттим. Үч күн эмес бир ай мурда эле даярдап койгондой чөнтөгүнөн чыгарып, “үйгө барганыңда оку”- деп берди. Чыгып жатканымда көзүмдү, кулагымды кармап көрүп “аз калды чыдап кой” —  деп мени менен коштошту.

Эмне болсо да үйгө тезирээк барууну каладым. Тилекке каршы, жолдо болуп өткөн жол кырсыгынан улам үйгө жөө бармай болдум. Араң үйгө жетип бардым. Мурдумдан да, кулагымдан да кан куюлуп жатканына карабай дароо катты ачып окуй баштадым. Каттын ичинде аз эле нерсе жазылганы менен сөздөрү чоң-чоң жазылыптыр. Доктор менин көздөрүм  жакшы көрбөй жатканын билген окшойт…

Катты окуп берейин:

“Сөздүн ачыгы мындай. Сенин табылганыңа бүткүл дүйнө сүйүндү. Билесиңби, эмнеге?! Акыркы 10 жыл ичинде көптөгөн өнүгүүлөр, ачылыштар жасалды. Бир канча жылдын ичинде “Адамды муздун ичине салып, тоңутуп, бир топ жылдан кийин кайра тирилтүү” боюнча бир топ эксперименттер жасалды. Бирок эч бири натыйжа берген жок. Бул ачылышка дүйнөнүн эң бай адамдары көз салган. Кимде ким ушул ачылышты жасай алса, кылымдын эң мыкты табылгасы болмокчу. Мына ушундай учурда сен пайда болуп калдың. Сага айтпай, сени мына ушул жаатта пайдаланмакчы болушту. Мага болсо бул нерсе жаккан жок.

Айтчы, бирөө келип Үркүн жөнүндө сенден бир нерсе сурадыбы?!

Өз тарыхы жөнүндө бир маалымат алмакчы болуп сага келдиби?!

Кандай гана башаламандык?! Адам баласы өз колу менен өзүн жок кылууга кадам таштап жатпайбы?!

Мына ошондуктан мен сага укол кылып жатып, уколдун ичине рак клеткаларын кошуп жаттым…”

Канга бойолуп бүткөн катты кармаган колум көгөрүп, денем акыркы жолу тоңуп батканын сездим…

Автору: Музаффар Розиев

Булак: Рухэш 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83