www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Ким Чен Ын Орусияга поезд менен келди...ат кошчулары тердегенче чуркап...

Кызгалдак Жакыпова 25-апрель 2019, 08:49

Видеолор Расмий кабарлар Дүйнө жүзүндө


ВИДЕО - Ким Чен Ын Орусияга поезд менен келди...ат кошчулары тердегенче чуркап...

Түндүк Кореянын ырайымсыз лидери Ким Чен Ын чопкутталган поезд менен Орусияга келди. Орусия тарап Кимди нан туз менен тосуп алды. Ал жергиликтүү телеканалдардын бирине маек берип, өзүн расмий сапарын жемиштүү болот деп белгилеп кетти.  

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий жана дипломатиялык жол талкууга алынат жана Путин менен Ким эл аралык сүйлөшүү жүргүзөт. Андан сырткары Кореянын лидери РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугары күтүлүүдө.

Бүгүн 25-апрелде Ким Чен Ын менен Путиндин жолугушуусу Владивостокто өтөт. Ким Чен Ынды адаттагыдай эле тер чыкканча чуркап Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү жана Түндүк Кореянын өкмөтү коштоп жүрөт.

Ошентип бүгүн Ким Чен Ындын аткошчулары аны кантип кайтарат, көптөгөн кызыктар алдыда. Баса, РФ Президенти В.Путин дагы жеткен кыраакы болсо, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жеткен ырайымсыз. Кызыгы экөө сүйлөшүү жүргүзүүдө бири-биринен өтө сак болуп Ким Путиндин айрым бир кылыктарына кантип чыдайт болду экен. Анткени Ким президент болгондон бери эч ким каяша айтып, бир сөзүн эки кылган эмес.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83