www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Төрт жолу эрдик жасасада «Эрдик» медалына ээ болбогон жигит

Айдар Нуралиев 30-апрель 2019, 18:02

Коом


 Төрт жолу эрдик жасасада «Эрдик» медалына ээ болбогон жигит

Тажик-кыргыз чек арасындагы чыр чатактын чордону болгон Үч-Дөбө айылынын тургуну Дүйшөбай Максытов Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында жашайт. Суу чарба тармагында иштеген Дүйшөбай Максытов төрт адамдын өмүрүн куткарып калган. Алардын үчөөсү сууга агып бараткан адамдардын өмүрүнө байланыштуу болсо, бирөөсү 2014-жылдын 7-майындагы тажик-кыргыз жаңжалына туш келген.

Дүйшөбай Максытов өз башынан өткөргөн окуяларынын ичинен эң кооптуусу 2014-жылдагы тажик-кыргыз чек ара жаңжалындагы айылдашы Улукбек Кенжеевдин өмүрүн сактап калгандыгын айтат. Ошол түнү Көк-Терек айылындагы май куйуучу автобекет коңушулар тарабынан өрттөлүп, чоң жаңжал чыкканда ортодо калып калган Улукбек Кенжеевдин бутуна ок тийип, көп кан кетип өмүрү коркунучта калганда, өз өмүрүн тобокелге салып, тажик айылдарын аралап, ооруканага кансыратпай жеткирген.

Окуя түнү болгондуктан айылды аралап, өтүп бараткан кыргыз жарандарынан күмөн санашпаган тажик тургундары сезип калышып, таш бараңга алгандыгына карабастан айылдашынын өмүрүн сактап калган.

Ал эми ушундай эле окуя 2010-жылда катталып, Ак-Суу дарыясына агып бараткан 7-класстагы кыздын өмүрүн сактап калган. Мындан кийин дагы Төрт-Күл каналына авто унаасы менен аңтарылып кеткен жоокерди куткарып калган.

Эрдике тете бир жолу эмес төрт жолу өмүрүн тобокелге салган чек арадагы үчдөбөлүк Дүйшөбай Эрматовка өмүрүн сактап калган жарандардын туугандарынын рахматы менен кошо жергиликтүү бийликтин ыраазычылык каты менен чектелген.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83