www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМ: “Милициянын жаш достору” республикалык масштабтагы кароо-сынагы өттү

Айдар Нуралиев 30-апрель 2019, 18:34

Коом


ИИМ: “Милициянын жаш достору” республикалык масштабтагы кароо-сынагы өттү

Бүгүн, 2019-жылдын 30-апрель күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратында салтка айланып, жыл сайын өткөн “Милициянын жаш достору” кароо-сынагы өттү. Сынакка республиканын 9 мектебинен келген 90 ашык окуучу катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кароо-сынактын максаты жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу, өсүп келе жаткан муунду укуктук жактан тарбиялоо, өспүрүмдөрдүн пайдалуу иш менен алектенүүгө тартуу, чынчылдыкка, адилеттүүлүккө, принципиалдуулукка, өзүнө жана чөйрөдөгүлөргө талапты кое билүүгө тарбиялоо боюнча милициянын жаш достору отряддарынын ишмердүүлүгүн активдештирүү болуп саналат. Милициянын жаш досу отряды жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында укукту билүүнү үгүттөөгө, жалпы билим берүү мекемелеринде укуктук тартипти көзөмөлдөөгө, мектептерде окугандар ИИОнун Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын профилактикалык каттоосунда тургандарга,анын ичинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө жашаган өспүрүмдөргө жардам көрсөтүү, себеби жок окуудан калгандар менен иштөө үчүн арналып, түзүлгөн.

Өспүрүмдөрдүн сынакка даярдыгын жана алардын билүү деңгээлин компетенттүү калыстар баалышты. Катышуучулар үчүн биринчи сынак “Саптык кароо” деп аталып, калыстар формаларын, экипировкаларын, саптык басуудагы иреттүү кыймылын,аткарууларын жана командиринин командасын аткаруу чеберчилигине көңүл бурушту.

Экинчи сынак “Үгүттөө бригадасынын сынагы” деп аталып, жаш достор үй тапшырмалары-үгүттөө жана музыкалык ырларды ырдашты.

Андан соң, кийинки сынакта Эл аралык укуктарды, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Укук бузууларды алды алуу жөнүндө Мыйзамды, Жаза кодексин, андан сырткары Кыргыз милициясынын тарыхын билүүлөрүн көрсөтүштү.

Кийинки “Дубал газетелары” сынагында жаш достор ватманда чыгармачылык иштерин көргөзө алышты.

Андан сырткары, аталган иш-чара “Биздин жоокер-ар бир жерде азамат!”- командалардын капитандары өздөрүнүн отряддарынын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып беришти. Андан соң, милициянын жаш достору жөнүндө же милиция тууралуу мыкты ырларга кезек жетип, бул сынакта дагы жогорку деңгээлде даярдыктары көрсөтүштү.

Жыйынтыгында Милициянын жаш досунун отряддарынын ишмердүүлүгү жөнүндө видеороликти көрсөтүү сынагы өтүп, ар бир команда өздөрү даярдагандарын көргөзүштү.

Ар бир сынакта алган баллдарын эсептөө менен, “Милициянын жаш досунун” мыкты отряды” деп Чүй облусунун Д. Шопоков атындагы №9 орто мектептин “Шопоковцы” милициянын жаш достору отряды аталды.Ал эми экинчи болуп Жалал-Абад облусунун Ю. Гаргарин атындагы №4 гимназия мектебинин “Щит и меч” отряды, үчүнчү орунду Бишкек шаарынын №73 орто мектебинин “Ар-намыс” отряды ээлешти.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83