www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыштут айылына жаңы мектеп салынат

Айдар Нуралиев 30-апрель 2019, 18:37

Коом


Кыштут айылына жаңы мектеп салынат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, Баткен районунун Кыштут айыл аймагында жумушчу сапары менен болду. Өкүл тоолуу айылдардагы элдин жашоосунан кабар алып, бир катар социалдык обьекттердин абалы менен таанышты.

Жергиликтүүлөр аймактагы эки орто мектептин акыбалына тынчсызданууларын билдиришти. Анткени убагында элдик ашар жолу менен салынган, эскилиги жеткен бул мектептерге, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги авариялык абалда экендиги жөнүндө корутунду берген. Мындан улам Газ айылындагы эски мектептин ордуна республикалык бюджеттин эсебинен 225 орундуу типтүү мектептин курулушу башталып, бирок каржылоо жоктугунан курулушу токтоп калган. Мектептин курулушун көрүп чыкан өкүл, тиешелүү жетекчилерге жаңы окуу жылына, мектепти пайдаланууга берүү аракетинин үстүндө иштөө тапшырмасын койду.

Ал эми Кыштут айылындагы орто мектептин жаңы имаратын куруу боюнча тиешелүү мекемелерге сунуштар берилген, бирок республикалык бюджетти гана карап отурбастан, каражаттын башка булактарын табуу аркылуу, айылга мектеп салууга жакындан жардам берээрин жана маселени жеке көзөмөлүнө алаарын билдирди.

Ошондой эле Кыштут айылына бала бакча куруу үчүн көйгөй болуп жаткан жер участогу боюнча маселени жеринде чечүүгө мүмкүн болду. Ыйгарым укуктуу өкүл, авариялык абалдагы, көп жылдар бою пайдаланылбай калган маданият үйүнүн имаратын бузуу менен, анын ордуна бала бакча куруу демилгесин колдоп, элдин суранычын орундатты.

Өкүл Акрам Мадумаровго, айыл аймак эли район борбору менен байланыштырган жолдун абалын жакшыртуу, чек арага байланышкан маселелерди чечүүнү тездетүү, айылга сугат суу жеткирүү, бала бакча, ФАП куруу, турак жай салуу үчүн жер участогун ажыратуу маселелери менен кайрылышты.

Кыштут айыл аймагы Өзбекстан Республикасынын Сох районунун айылдары менен чектешет. Айыл аймактагы алты айылда, он миңден ашуун эл жашайт.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83