www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Май айындагы майрамдарга карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштешет

Айдар Нуралиев 30-апрель 2019, 18:56

Коом


Май айындагы майрамдарга карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштешет

Май айынын башында Эмгек күнүнө, Конституция күнүнө, Жеңиш күнүнө карата салтанаттуу иш-чаралар, элдик эс алуулар пландалган. Май майрамдары көптөгөн жарандардын катышуусундагы массалык жана коомдук-саясий маанидеги иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми, жогорудагы иш-чараларды майрамдоо учурунда милиция кызматкерлеринин алдында коомдук жайларда жана көчөлөрдө коомдук тартип менен коопсуздукту камсыздоо, укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу, ага бөгөт коюу боюнча профилактикалык иш-чараларды өткөрүү тапшырмалары турат.

Азыркы убакта милициянын аймактык түзүмдөрүнүн нөөмөт бөлүктөрүндө кырсык болгон жерге ыкчам жетүү үчүн күчөтүлгөн ыкчам-тергөө топтору уюштурулду. Ар дайым өздүк курамга кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо боюнча тескеме өтүп турат. Өзгөчө маанилүү, стратегиялык жана коргоого алынган обьекттер күчөтүлгөн тартипте күзөт коюлат.

Республиканыны аймагында майрамдык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү маалында жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн 8 миң милиция кызматкерлери менен 5 миң элдик коошундар тартылат.

9-май Улуу Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгына карата борбордун шаарыбыздын “Жеңиш”аянтында жана “Өлбөс полкту” өткөрүүдө Бишкек ШИИББдин 3 миңден ашык кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздашат.

Биздин башкы максатыбыз, май майрамдары убагында Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн тартипти жана тынч эл алуусун тиешелүү деңгээлде камсыздоо.

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83