www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Венесуэла: Оруссия,Туркия, Кытай Мадуро тарап, АКШ Гуайдо тарап болуп “согушабы”?

Айдар Нуралиев 01-май 2019, 09:29

Дүйнө жүзүндө Саясат


Венесуэла: Оруссия,Туркия, Кытай Мадуро тарап, АКШ Гуайдо тарап болуп “согушабы”?

Венесуэланын президенти Николас Мадуро анын бийлигин таанып, колдоп аянтка чыккан венесуэлалыктарга ырахматын айтты.

Эске салсак, Венесуэлада, 21-январда жаңы шайланган  президент Мадурого каршы массалык көтөрүлүштөр болгон.

 Аталган өлкөнүн оппозициялык лидери Хуан Гуайдо мыйзамсыз түрдө өзүн  утурумдук мамлекет башчысы жарыялап алган. АКШ баш болгон батыштын бир катар мамлекеттери анын бийлигин кабылдап, бул үчүн Мадуро Гуайдону Американын “марионеткасы” деп атаган.

Өз кезегинде, Орусия, Кытай, Түркия баштаган бир катар өлкөлөр Мадурону легитимдүү президент катары таанып, ага каржылык жардам көрсөтүүдө.

Гуайдо 30-апрелде, Венесуэла убактысы боюнча эртең менен «Ла-Карлота» аба базасынын жанында куралчан жоокерлердин курчоосунда видео билдирүү таратып, өз планын ишке ашырыш үчүн «эр жүрөк» жоокерлерден колдоо күтө турганын айтты. Ал тарапкерлерин өзүн колдоого чакырды.

Мадуронун өкмөтү Гуайдону «мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенип жатат» деп айыптады.

«Reuters» агенттиги Каракастагы авиабазанын жанында Гуайдого жана ондогон адамдарга карата көздөн жаш агызуучу газ чачылганын кабарлады.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83