www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Казакстанда ызы-чуу башталды

Айдар Нуралиев 02-май 2019, 09:37

Коом Саясат


ВИДЕО - Казакстанда ызы-чуу башталды

Казакстандын мартта аталышы өзгөртүлгөн башкалаасы Нур-Султан менен Алматы шаарында алдыдагы президенттик шайлоого бойкот жарыялоого чакырыктар ташталууда.

Алматынын Борбордук эс алуу багы менен Нур-Султандагы конгресс-холлдун имаратынын жанында 1-майда ондогон кишилер чогулуп, башкалаанын аталышынын өзгөрүшүнө жана келе жаткан шайлоого ишенбөөчүлүк көрсөтүп митингге чыгышты.

Алматыда чогулгандар "Нур-Султан – менин борборум эмес, Токаев – менин президентим эмес, Дарига – сенаттагы менин спикерим эмес", "Уят!", "Бойкот!", "Менин тандоом бар!", "Саясий туткундарга эркиндик" деп кыйкырып турушат.

Алар Казакстанда атомдук электрстанциянын курулушуна каршылыгын да айтышып, бийликтин алдамчы саясатын сындоодо.

Нааразычылык акцияны  түз алып көрсөтүп жаткан “Азаттыктын”казак кызматынын  кызматкери, демейде ой-байга келбей элди баса калып салып кетип көнгөн полициясынын, элди “тарагыла” деп урушканына ыраазы болгонун угуп, бул өлкөдөгү “демократиянын” деңгээли мышык ыйлаарлык абалда экениине ынанасың.

Митингчилердин бири, полицияга “30 жылдан бери думуктуруп эле сүйлөтпөй келе жатасыңар. Акыры жарыла турган күн да келе жатат. Биз тандаган талапкер шайлоодон өтпөрүнө көзүм жетет”- деп айтты.

Аянтка чогулган элди беткапчан, коопсуздук кызматнынын балдары курчап алып, а тургай бирин-экин кишини куралчан адамдар кармап кеткендигин журналисттер көргөнүн кабарлашты.

Нур-Султанда 21-апрелде, он беш күнгө камакка алынган активисттер Асия Төлесова менен Бейбарыс Толымбековдун камалышы Казакстандагы нааразычылыкты күчөттү.Митингге чогулгандар аталган активисттердин баннериндеги "Чындыктан кача албайсың!"  деген сөздөрдү кайталап кыйкырып жатышат.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83