www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Эл деген сел, мен силерге көрсөтөм…” деп Атамбаев ызырынып жатат

Айдар Нуралиев 02-май 2019, 12:38

Саясат


“Эл деген сел, мен силерге көрсөтөм…” деп Атамбаев ызырынып жатат

Эсиңерде да, 6-7-апрель күндөрү Алмазбек Атамбаев элдин астына чыгып, бийликти өлө туздап, эки айдан кийин митингге чыга турганын эскерткен. (Келаткан 5-июнда Сапар Исаковдун камалганына бир жыл толот, «концерт койгонду» ошого болжосо керек.) Натыйжада, баарыбыз күбө болгондой, апрель айы митингдерге бай болду. Элибиз региондордон бери ар кандай көйгөйлөр үчүн нааразычылык акцияларына чыгышууда.

Өкмөтүбүз баш, күч органдары төш болушуп, коомчулук менен иштөөнү оң жолго сала алышпай, тескерисинче, түрдүү жаңылыш кадамдарды улам-улам кайталашууда. Атамбаев болсо чала сабат аткаминерлердин кылыктарына маашырланып, пиар кампаниясын барган сайын күчөтүп, көпчүлүк катмарды көчөгө чыгарууга даярдап атабы? Бийлик алдыртан коомчулукка анализ жасап, бейпилдик үчүн күрөшүш керек эле. Бирок, кадрлардын кашаңдыгынан кашайып баратабыз го? Эми май айы да митингдерге арбын болору, аягында июндун башы менен Атамбаев камактагы Исаков, Кулматов жана Ибраимовдун таламын талашууга катуу киришери айтылууда.

«Эл деген сел, мен силерге көрсөтөм…» деп экс-президенттин ызырынганын уккан жакындары дух алышып, ЖМК, соцтармактарда күжүлдөп иштеп атышат. Кайда баратабыз? Төңкөрүшкөбү? Коңгуроо кактык… Кызыгы, бийликке жагынган кошоматчылар ар кандай козуткуч жоруктарды жасашпай, караңгыдан көз тапкандай кеменгерлик жолго түшө албай жатышат да-а…

Акын Бекчороев

Булак: «Азия ньюс»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83