www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда миттингге чыккандардан 80 адам кармалды

Айдар Нуралиев 02-май 2019, 09:44

Борбордук Азия жаңылыктары


Казакстанда миттингге чыккандардан 80 адам кармалды

Казакстандын Ички иштер министрлиги, 1-майда Нур-Султан, Алматы, Семей, Караганда, Шымкент жана Актөбө шаарларында өткөн нааразычылык акцияларында 80ден ашык адам кармалганын расмий билдирди.

Маалыматка ылайык, нааразы болгон адамдарды кармоононун негизги себептери, “уруксаатсыз митингге чыгуу, өзүн агрессивдүү алып жүрүү жана коомдук тартипти бузду”- түшүндүрүлүүдө. Азыр кармалган адамдар укуктук баасын ала элек.

Министрликтин билдирүүсүндө, акциялардын катышуучуларына “позицияларын жана ойлорун эркин, ачык айтуу мүмкүнчүлүгү берилгенин”, ага карабай айрымдар “өздөрүн агрессивдүү алып жүргөнү” жана “коомдук тартипти бузганы” айтылат. Жыйынтыгында “аларды кармоо чаралары көрүлдү” дейт маалыматта. Кармалгандарга эми “укуктук баа берилет”.

Акцияга чыккандар 9-июнга белгиленген кезексиз президенттик шайлоого бойкот жарыялоого, парламенттик башкарууга өтүүгө чакырып, таза шайлоо өткөрүүнү талап кылышты.

Нур-Султанда 21-апрелде, он беш күнгө камакка алынган активисттер Асия Төлесова менен Бейбарыс Толымбековдун камалышы Казакстандагы нааразычылыкты күчөттү.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83