www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Питерде кыргыз мигранттарды тоноп, сабап, акчасын алып жүргөн “ОПГ” мүчөлөрү кармалды

Айдар Нуралиев 02-май 2019, 13:00

Кылмыш жана кырсык


ВИДЕО - Питерде кыргыз мигранттарды тоноп, сабап, акчасын алып жүргөн “ОПГ” мүчөлөрү кармалды

Санкт-Петербургда жарандарды тоноп жүргөн, Кыргызстандык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Алар кыргызстандык мигранттарды коркутуп, күч колдонуп тоноп жүрүшкөн. Бул тууралуу КРнын ИИМнен кабарлайт.

КРнын жана Орусиянын укук коргоо органдарына буга чейин Санкт-Петербург жана Ленинград облустарынын аймагында азиат улутундагы кылмыштуу топтун балдары Кыргызстандын жарандарын тоноп, зомбулук көрсөтүп жүрүшкөндөрү туурасында бир топ даттануу түшкөн.  

Кылмышкерлер, аталган аймакта мигранттарды коркутуп, уруп-сабап, урдап кетип, же туугандарына залал келтирүү менен коркутуп ири суммадагы акча өндүрүп жүрүшкөн.

Кармалгандар,  Кара-Суу районунда 1981-жылы туулган А.Ж. Санкт-Петербургдагы кылмыштуу топтун “смотрящийи”, 1987-жылы Алай районунда туулган Э.А. анын “оң колу” болгон.

Учурда  кылмыш иши козголуп, кармалгандар тергөө абагына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83