www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кримдүйнөгө каршы күрөш: ким жеңди?

Айдар Нуралиев 02-май 2019, 14:47

Кылмыш жана кырсык


Кримдүйнөгө каршы күрөш: ким жеңди?

Батукаев 2013-жылы түрмөдөн «айыккыс ооруга чалдыкты» деген жүйө менен сот чечимине ылайык мөөнөтүнөн мурда бошоп кеткен. Кыргыз бийлиги уюшкан кылмыштуу топторго байланыштуу сын-дооматтан арыла элек.

Коомчулуктагы соңку нааразылыкка ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин «мындай топтор болгон жана мындан кийин да боло берет» деген мазмундагы пикири ого бетер кошул-ташыл болду.

2010-жылдын апрель окуяларынан кийинки өлкө жетекчилеринин баары эле «караларга» каршы аёосуз күрөш болорун убада берген. Атайын мыйзам кабыл алынган, өкмөт концепция да даярдаган.

«Азаттык» 2010-жылдан берки уюшкан кылмыштуулукту, ага каршы күрөштү жана анын жыйынтыгын иликтеп-талдап чыкты.

Алгачкы мыйзам, алгачкы жыйынтык

2010-жылы апрель окуяларынан кийинки президент Роза Отунбаева уюшкан кылмыштуулукка каршы аёсуз күрөш жарыялаган. «Караларды» ооздуктоо, алардын ордун көрсөтүү күч органдарынын башкы максаты болушу керек» деп эскерткен, чукул тапшырмаларды берген.

Анын бийлигинин тушунда «Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндөгү» алгачкы мыйзам кабыл алынган. Документ 19 беренеден турган жана «уюшкан кылмыштуулук», «криминалдык маданият сөрөй», «криминалдык идеология», «криминалдык жашоо ыңгайы» жана «криминалдык түзүлүш» деген сыяктуу негизги терминдер жана түшүнүктөр чечмеленип жазылган. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттердин принциптери, ага каршы турган органдардын тизмеси болгон. «Караларды» пайда кылган себеп-шарттарды аныктоонун, жоюунун жолдору белгиленген.

Андан сырткары уюшкан кылмыштуу топторунун мүчөлөрүн шарттуу түрдө бошотууга, мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгарууга мыйзам менен тыюу салынган.

Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев ошол кезде ички иштер министри болуп турган. Анын айтымында, «караларды» тизгиндөөгө үч айлык мөөнөт чектелген.

«Ал кезде башаламан болуп жаткан убак эле, иштеш керек болчу, мамлекетти бекемдеш керек болчу. Бакиевдерден кийин уюшкан кылмыштуулук аябай күчөп кеткен. Курманбек Бакиевдин тушунда канча буюртма киши өлтүрүү болду! «Ыңкылап болду, эми кылмыштуу топтордун баарын жок кылыңыз, урматтуу министр. Сизге үч ай убакыт берилет. Анткени шайлоо жакындап калды, шайлоого буларды аралаштырбаш керек» деп мага тапшырма берилген. Ал убакта Роза Отунбаевадан айбыкчу элек. Анын айтканын айткандай кылып, сыйлачу элек. Азыр бизге ошондой сый, ошондой тартип керек. Ошондо уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн көбүн камаганбыз. Бир тобу качып кеткен. Анан кийинчерээк биздин арабыздагы айрым аткаминерлер сатылып, ошолордун болбогон бир арам акчасына кызыгып, аларды бул жакка алып келишти, аларга шарт түзүп беришти. Иштеп жаткан жигиттердин баарын кетиришти. Ошону менен эле кайра баягы эски, таз кейпибизге түштүк», - деди Рысалиев.

Атамбаев жана «каралар»

Роза Отунбаеванын кызматтык мөөнөтү бүтүп, Алмазбек Атамбаев президенттикке аттанып жатканда ал да уюшкан кылмыштуулукту тыптыйпыл жок кылууга убада берген, муну өзүнүн программасында да жазган. Мамлекет башчысы болуп шайлангандан кийинки алгачкы басма сөз жыйынында «караларга» каршы күрөштү канааттандырарлык деп баалаган. «Кандай болгон күндө да биздин криминал менен болгон күрөшүбүздүн жыйынтыгы жаман эмес – 150 криминалдык авторитет түрмөдө отурат», - деген эле Атамбаев.

Алмазбек Атамбаевдин тушунда, тагыраак айтканда, 2013-жылы «Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө» мыйзам кабыл алынып, 2011-жылдагы мыйзам күчүн жоготкон. Жаңы мыйзамда негизги аныктамалар менен түшүнүктөр кыйла кеңейген жана беренелердин саны 19дан 35ке чейин көбөйгөн. Маселен, милициянын «каралар» тууралуу ыкчам тизмеси, аны түзүүнүн жол-жобосу мыйзамдаштырылган.

Бирок, Атамбаевдин убагында "кылмыштуу топтун мүчөлөрү кайра баш көтөрө баштады , күрөш солгундап кетти, шайлоо сыяктуу саясий жараяндарга ачык аралаша баштады» деген сын пикирлер көп айтылган. Кримтөбөлдөр, кылмыштуу топтордун белдүү мүчөлөрү соттон акталып чыккан, түрмңдңн мөөнөтүнөн мурда бошогон бир топ учур катталган.

Кыргыз милициясы өлкөдө кримчөйрөнүн лөгү атыккан Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев жана Максат Абакиров түзгөн төрт негизги уюшкан кылмыштуу топ бар экенин билдирип жүргөн. Бирок азыр кандайдыр бир себептерден улам кылмыш дүйнөсүндө «Водолаз» деген каймана ат менен таанылган Максат Абакировдун аты аталбай, үч эле ири топ бар деп айтылып калды.

Эмесе кылмыш дүйнөсүнүн лөктөрүнүн айрымдарына токтололу.

«Төбөлдөр» таржымалы: Азиз Батукаев

Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда караларга байланыштуу негизги доомат кримчөйрөнүн лөгү Азиз Батукаевге байланыштуу айтылды. Ал 2006-жылы үй-мүлкүн конфискациялоо менен 16 жылга эркинен ажыратылган. Батукаевге «киши өлтүрүүгө катышкан, курал-жаракты мыйзамсыз сактаган, мыйзамсыз курал-жарак жасаган, массалык башаламандык уюштурган» деген айып коюлган.

Азиз Батукаевди 2013-жылы апрель айында Нарын шаардык соту «айыккыс ооруга чалдыкканына байланыштуу» деген негизде мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим чыгарган жана кримтөбөл ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен.

Бул кыргыз коомчулугунда кызуу талкуу жараткан. Депутаттык комиссия түзүлгөн жана күнөөлүү кызмат адамдарды жоопко тартуу жөнүндө талаптар айтылган. Ошол кездеги вице-премьер-министр Шамил Атаханов менен акыйкатчы Турсунбек Акун кызматтан кеткен.

Батукаевдин бошоп кеткени боюнча 2013-жылы эле кылмыш иши козголсо да эмгиче аягына чыга элек.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов өткөн айда парламентте депутат Зарылбек Рысалиевдин суроосуна жооп берип жатып, Батукаев боюнча кылмыш ишин тергөө жыл башында жанданганын маалымдаган:

«Батукаевдин иши январдан бери жанданып, бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Биз пландаштырып, топту түздүк. Сизди (ред. Зарылбек Рысалиев) күбө катары сурашат. Сиз ага чейин да суралгансыз, дагы сураласыз».

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева «Азаттыктагы» маегинде Азиз Батукаевдин иши боюнча соттордун чечими кайра караларын билдирди:

«Батукаевдин иши боюнча азыр иликтөө жүрүп жатат. Эмненин негизинде, кандай бошотулду? Дарыгерлер кандай корутунду берди? Мына ушунун баарын кайра козгоп, иликтөө - бул саясий эрктин белгиси. Бул жерде жалаң эле судьяларды күнөөлөгөнгө болбойт. Себеби саламаттыгы жактан бошотуп жаткандан кийин буга дарыгерлердин жоопкерчилиги бар. Анткени дарыгер болбогондон кийин биз, судьялар, билбейбиз да. Эгер дарыгерлер «жаза өтөгөнгө болбойт» деп тыянак чыгарып беришсе, соттор ал боюнча чечим кабыл алууга милдеттүү. Бул иш боюнча соттун актылары кайрадан каралышы мүмкүн».

Камчы Көлбаевдин «карааны»

2011-жылы «караларга» каршы күрөш күчөп турган кезде кримавторитет Камчы Көлбаевге эл аралык издөө жарыяланган. Ал Бирикккен Араб Эмираттарында кармалганы, бирок кайра кое берилгени айтылган. 2012-жылдын аягында атайын кызмат Камчы Көлбаевди Дубайдан алып келгенин кабарлаган. Бирок сотто ал «тергөөгө өз ыктыяры менен эле келгенин» билдирген.

Көлбаевге «Адам уурдоо», «Талап-тоноо», «Кылмыштуу топту уюштуруу», «Куралдарды жана жарылуучу түзмөктөрдү алып жүрүү», «Баңгизаттарды өндүрүү жана таратуу» сыяктуу жети берененин негизинде кылмыш иши козголгон.

Камчы Көлбаевдин соту 2013-жылы апрель айында башталган. Сот жараянында жабыркагандар менен күбөлөр тергөөдө Көлбаевге каршы берген көрсөтмөлөрүнөн сотко келгенде баш тартып, айрым айыптар кыскарган. Ошол жылы күзүндө Бишкектин Биринчи май райондук соту аны «бирөөнү коркутуп, мүлкүн тартып алган» деген айып таккан жана 5 жыл 6 айга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Көлбаевдин жактоочусу Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылып, анда жаза мөөнөтү 3 жылга чейин кыскарган. Жогорку сот экинчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Камчы Көлбаев «түрмөдөгү жаза мөөнөтү бүттү" деп 2014-жылы, июнь айында боштондукка чыккан. 

2016-жылы күзүндө адвокат Сергей Манукян Камчы Көлбаевдин атынан «Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндөгү» мыйзамдын айрым беренелери Баш мыйзамга каршы келерин айтып Конституциялык палатага кайрылаган. Маселен, анда «кайсы бир жаранды уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын ыкчам тизмесине киргизгенде ал жарандын жактоочусу да болушу керек, болбосо Конституцияда көрсөтүлгөн «кайсы гана адам болбосун юридикалык жардам алышы керек» деген Конституциянын жобосу бузулат» деп негиздеген.

Конституциялык палата «каралар» тууралуу «мыйзамдын кайсы бир беренелери Баш мыйзамга каршы келбейт» деп чечим чыгарган, бирок ал мыйзамдын чийки жактары бар экенин ырастаган, Жогорку Кеңешке толуктоолорду киргизүүнү сунуш кылган.

2012-жылы АКШнын президенти Барак Обама дүйнөдөгү жети эң ири баңгизат королунун бири катары Камчы Көлбаевди «кара тизмеге» киргизген. Эки жылдан кийин АКШнын Мамлекеттик департаменти анын кылмыштуу схемасын ачып бергендерге бир миллион доллар сыйлык жарыялаган. АКШнын Финансы министрлиги 2017-жылы Орусиядан жана мурдагы СССРдин курамындагы республикалардан чыккан он кримтөбөлгө каршы санкция жарыялаган жана ал тизмеде Камчы Көлбаев да болгон.

Ушул жылдын башында Камчы Көлбаевге байланыштуу чуулгандуу видео тараган. Тасмадан түрмөлөрдүн биринде фейерверк атылып, жаңы жыл майрамы белгиленип жатканын, анда жаза өтөп жаткандардын бири Камчы Көлбаевдин өмүрүн тилеп бата бергенин көрүүгө болот. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы «бул видео мурун тартылган, ал түрмөнүн жетекчилери иштен алынган» деп комментарий берген.

Камчы Көлбаевдин аты өткөн айда эле өзбекстандык кримтөбөлгө байланыштуу аталды. «Азаттыктын» өзбек кызматы өз булактарына таянып кылмыш дүйнөсүндө «Самарканддык Ахтам» деген каймана ат менен таанымал Ахтам Якубов «мыйзамдагы ууру» деген макам алганын жазды. Ага ылайык, «таажы кийгизүү» жөрөлгөсү Түркияда, Стамбул шаарында өткөн жана Интернет, телефон аркылуу бул жыйынга катышып, Якубовду жаңы макамы менен куттуктагандардын арасында Камчы Көлбаев да болгон.

Алмамбет Анапияевдин сырдуу өлүмү

2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Камчы Көлбаевдин түштүктөгү өкүлү деп эсептелген Алмамбет Анапиявге да издөө жарыяланган.

2014-жылы аттуу-баштуу спортчулар Алмамбет Анапияевди жактап, өлкө жетекчилигине кайрылуу жазышкан. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кылмыш төбөлүн ачык эле актап-жактап чыгышкан. Журналисттер арасында да кир жугузбай мактап жазган, ага өздөрүнүн сыйлыктарын тапшырган, Анапияевдин сыйын көргөндөр чыккан. Баатырга теңеп ыр арнаган акындар да болгон.

Алмамбет Анапияевдин сүрөтү чапталган паспорт

Алмамбет Анапияевдин сүрөтү чапталган паспорт

Алмамбет Анапияев 2015-жылы февраль айында Беларуста киши колдуу болуп өлгөн. Кыргызстанда оор айып коюлуп, бир канча жылдан бери издөөдө жүргөн, коомчулукта ача пикир жараткан Анапияев жана анын өлтүрүлүшү түрдүү божомолго негиз болгон.

Анапияевдин өлүмүнө байланыштуу ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаеватайын билдирүү жасаган. Анда «Минскидеги кандуу окуяга мурунку президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиев менен анын жан-жөкөрлөрүнүн тиешеси бар», деп айткан.

Жеңилбес «Женго»

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыш тобунун туруктуу мүчөсү деп эсептелген, «положенец» деген макам алып жүргөн, кылмыш чөйрөсүндө «Женго» деген каймана ат менен белгилүү Кадыр Досоновго алгачкы жолу 2011-жылы, уюшкан кылмыштуу топторго каршы кызуу күрөш жүрүп жаткан кезде издөө жарыялаган. Бир жылдан кийин, 2012-жылы күзүндө Тажикстанда колго түшүп, Кыргызстанга алынып келген жана ага карактоо, баңгизат соодасы, адам уурдоо сыяктуу оор айыптар коюлганы менен Ош шаардык соту Досоновду актаган.

Кадыр Досоновду (ортодо) абактагы нааразылык учурунда түрмө башчылары менен сүйлөшүүгө алып баратышат. Ош, 20-январь, 2012-жыл

Милиция Досоновго 2013-жылы кайрадан издөө жарыялаган. Бирок 2014-жылдын башында Ош шаарынын мэрин шайлоого эки күн калганда капысынан пайда болгон жана анда Ош облустук соту аны үй камагына чыгарган. Анын күтүүсүз келиши, «УКМКнын кызматкерлери коштоп келди» деген маалыматтар коомчулукта күдүк ойлорду жараткан. Досоновго үчүнчү жолу 2015-жылы издөө жарыяланган жана көп өтпөй эле колго түшкөн. Ага «милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин өлтүрүүгө буйрук берген» деген айып коюлган.

Полковник Шоноевди акыркы сапарга узатуу. 2013-жыл

Полковник Шоноевди акыркы сапарга узатуу. 2013-жыл

Былтыр да октябрь айында Жогорку сот Досоновду актаган. Анын так президенттик шайлоонун алдында акталышы коомчулукта күдүк ойлорду жараткан. Шоноевдин атасы бул өкүмгө сот системасынын коррупцияга батышы катары баа берген.

Айрым маалымат каражаттары Кадыр Досонов акталгандан кийин Ошто чоң той бергенин, ага аттуу-баштуу аткаминерлер да катышканын жазган. Азыр эми кримчөйрөдөгү «таажы» талашка байланыштуу чуулгандуу жагдайларда Кадыр Досоновдун аты кайра атала баштады. «Азаттыктын» күч түзүмдөрүндөгү ишенимдүү булактарынын маалыматына ылайык, жакында ал «мыйзамдагы ууру» деген макам алышы мүмкүн.

«Дөө Чыңгыз»

Былтыр уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү деген жарандар боюнча сот чечимдери коомчулукта талкуу жараткан.

2018-жылдын башында Бишкектеги райондук сот кылмыштуу чөйрөдө «Дөө» деген каймана ат менен таанымал, уюшкан кылмыш тобунун жигердүү мүчөсү болуп саналган Чыңгыз Жумагуловду мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоткон. Жумагулов 2016-жылы жайында камакка алынган жана ага «киши өлтүрүүгө катышкан», «бийлик өкүлүнө күч колдонгон», «ээнбаштык кылган» жана «кылмыш тобун түзгөн» деген айыптар коюлган. «Азаттык» Жумагулов тууралуу жазып чыккандан кийин Жогорку сот аны кайра камакка алуу тууралуу өкүм чыгарган.

Быйыл жыл башында Жумагулов жатак абакка которулган. Өткөн айда милиция Чыңгыз Жумагуловду кайра камаган. Анын алдында, тактап айтканда, 9-апрелде Бишкектеги жеке менчик клиникалардын биринин алдына катуу токмоктолуп, эс-учун жоготкон эки киши табылган, ал экөө тең алган жаракатынан ооруканада каза болгон. Бул кылмыш үчүн Жумагулов баштаган үч адамга айып коюлган.

Бийликке жол чапкан «каралар»

2014-жылы ошол кездеги ички иштер министри Абдылда Суранчиев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү же ага катышы бар деп милициянын ыкчам тизмесинде турган Жогорку Кеңештеги жана жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын, аткаминерлердин аттарын атаган. Алардын айрымдары бир канча жолу соттолгон, арасында киши өлтүрүү сыяктуу оор айып коюлгандар да болгон. Аты аталган адамдардын айрымдары министрдин айткандарын жокко чыгарышкан.

2015-жылы парламенттик шайлоого катышкан партиялардын тизмесинде аты чыгып-чыкпаган, мурда-кийин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү же катышы бар деп милициянын каттоосунда турган, соттолгон адамдар болгон. Бул өз кезегинде шайлоодо «каралардын» кызматын, күчүн пайдалагануу аракети кийин да кайталанабы деген талкууга жем таштады. Кыргызстанда буга чейинки шайлоолорго уюшкан кылмыштуу топтордун аралашып келгени маалым.

Ушундай учурлардан улам «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталган. Ага ылайык, уюшкан кылмыштуу топтун туруктуу мүчөсү катары каттоодо турган жарандын жергиликтүү кеңешке шайлоого катышуусуна тыюу салган жобо кошулган. Мыйзам долбоорунун автору, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев кылмыш дүйнөсүн даңазалагандарга каршы басым жасалышы керек деп эсептейт.

«Буга чейин «уюшкан кылмыштуу топтор күчөп баратат, жергиликтүү бийликке келе башташты» деген маалыматтар болгон. Мыйзам долбоору биринчи окуудан өтүп, ошол бойдон калып калган. Азыр эми жаңы кодекстерге байланыштуу кайрадан каралып чыгып жатат. Өкмөт болсо жакынкы күндөрү уюшкан кылмыштуу топторго каршы мыйзам долбоорун парламентке алып келгени жатат. Негизинен кылмыш идеологиясына каршы иш жүргүзүп, ошого басым жасашыбыз керек. Айрым ЖМКда кылмышкерлердин ана башчыларын кынтыксыз кылып, жакшы мүнөздөмө берип жазган учурлар да болгонун өзүңүздөр билесиздер. «Кээ бир кримтөбөлдөр өздөрүнүн адамдарын ИИМдин академиясында окуткан, өздөрүнүн кадрларын даярдаган» деген маалыматтар бар. ИИМдеги айрым бир адамдар менен камыр-жумур болуп, алар менен өкүл ата-бала болуп алган аралашып кеткен маселелер бар. Биз мунун баарына бөгөт коюшубуз керек», - деди депутат.

Расмий маалымат боюнча, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары 500дөн ашык адам каттоодо турат. Анын дээрлик көбү Камчы Көлбаевдин кылмыш тобуна мүчө.

Ушул жылдын башында милиция кримчөйрөдө өзгөчө макам менен жүргөн жети киши камалганын билдирген. Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов кармалгандар кимдер экенин айтуудан баш тарткан:

«Кыргыз кылмыш дүйнөсүнүн Москва, Нарын шаарындагы жана башка райондордун борборлорундагы, шаарлардагы «смотрящийлери» кармалды. Кылмыш дүйнөсүнүн өзүнчө эрежелери бар. Эгер алардын аты-жөнүн атаса кылмыш дүйнөсүн жарнама кылган болуп калат. Кылмыштуу топтордун бир топ мүчөлөрү эч жерде иштебейт, эч кандай акча таппайт, бирок жакшы жашайт. Эгер алардын аты-жөнү жалпыга маалымдоо каражаттарында аталса, аны уккан-көргөн жаштарга, өспүрүмдөргө кандай таасир этет? Бул туура эмес үлгү».

«“Каралар” болгон жана боло берет»...

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өткөн айда Жогорку Кеңеште уюшкан кылмыштуу топторго байланыштуу суроо берилди. Министрдин «каралар» тыйылбайт деген мазмундагы жообу талкуу жаратты.

«Уюшкан кылмыштуу топтор ар дайым болуп келген жана боло берет. Андайлар бардык мамлекетте бар. Биз алар боюнча иш жүргүзүп жатабыз. Мындай топтордун кылмыш кылган бардык мүчөлөрү мыйзамга ылайык жоопко тартылат. Кылмыш кылып, «отурбай» жүргөндөрдүн эч болбогондо бирин атап бериңизчи?» - деген эле министр.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев:

«Министр Кашкар Жунушалиев келип, «криминал болгон жана мындан кийин да боло берет» дептир. «Ишкерлерди тоногон криминалдардын ордун түрмөдөн көрсөтөбүз, аларды жок кылабыз» деп сүйлөшү керек да. Кыргызстандын ички иштер министри, криминалды жок кыла турган алам ушинтип айтып жатса биз каякка барабыз?» - деп аны сынга алды.

Президент Сооронбай Жээнбеков азыркы кызматка келгенден кийин Коопсуздук кеңешинин жыйынында «уюшкан кылмыштуулукту жогорку кызмат адамдары калкалап жатат» деп айткан, ага күрөштөн натыйжа чыкпай жатканын коррупция менен байланыштырган:

«Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш ийгиликтүү болбой жатканынын негизги себеби – коррупция. Эксперттердин айтымында, криминалдык чөйрөдөгү капитализациянын көлөмү абдан чоӊ суммага жетти. Канча сумма экенин билесиңер. Уюшкан кылмыштуулук чөйрөсүндө чоӊ өлчөмдөгү акчанын агымы укук коргоо жана сот органдарындагы жогорку кызмат адамдарынын катышуусу болбосо, мүмкүн эмес. Уюшкан кылмыштуу топтор баңгизаттардын транзитин жана товарлардын аткезчилигин тынымсыз жүргүзүүдө. Алар ири рентабелдүү бизнести, өзгөчө акциз товарлары менен байланышкан бизнести калкалоо менен алектенишет. Күч түзүмдөрүндө коррупция болбосо, криминалдык топтор бул иштерди жасай алышпайт, эч жакка жыла алышпайт. Эгер тапшырма берсе эки сержант, эки лейтенант барып эле баарын жаап коет. Ошондой тапшырма болбойт, анткени өзүңөр аралашкансыңар».

​Кыргыз өкмөтү 2015-2020-жылдарга белгиленген Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча беш жылдык концепцияны кабыл алган. Ага ылайык, беш жылдын ичинде тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, мекеме аралык координациялык борбор түзүлүшү керек болчу. Кыскасы «каралар» баш көтөргүс абалга жетмек. Бирок соңку төрт жылдан бери бул иштердин баары жасалган жок.

Жакында эле мен эл аралык каттамда жүргөн таксиге түшүп, узун жолдо айдоочу менен сүйлөшүп калдым. Ал кан жолдо ары-бери жүргүнчү ташып иштегенине 15 жыл болгонун, чогуу иштегендер болуп азыр ай сайын «караларга» акча чогултуп беришерин кеп салды. Роза Отунбаева президент болуп турганда гана «каралар» кадимкидей тыйылып, коңулга кирип кеткенин, ошондо акча жыйнамай көрүнүшү кан буугандай токтогонун, анын кызмат мөөнөтү аяктар замат эле «каралар» кайрадан «салык» салмай адатын баштаганын айтып берди. Ошондон бери «каралардын» таасир күчөбөсө, азайбаганына кейиди. Ушундан улам, азыр бийлик өкүлдөрү «уюшкан кылмыштуу топторго каршы аесуз күрөш болот» деп убада берип жаткан учурда таман акы маңдай тери менен акча тапкан, ал акчасын «каралар» менен бөлүшүүгө аргасыз болгондор башын чайкап отурган болушу мүмкүн.

Булак:Азаттык


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83