www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жеген ашына түкүргөн Алмамбет Шыкмаматов

Айдар Нуралиев 02-май 2019, 15:36

Саясат


Жеген ашына түкүргөн Алмамбет Шыкмаматов

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов дымагы күч болгону менен колунан «кокон тыйын» деле келбейт. Текебаевдин аркасы менен министрликке чейин жеткен, азыр депутат болуп жыргап жүрөт. Эң башкысы, ал шефке гана кошомат кылганды, өзүнө жол тапканды кыйын өздөштүргөн. Анан калса, башкалардын ийгилигин көралбаган ичтарлыгын кээде байкатып коёт.

Маселен, 1-май күнү Кара-Сууда Искендер Матраимов ата-энесине арнап спорттук иш-чара өткөзгөн. 20 миңден ашуун эл келди. Спикер Жумабеков баш болгон бир топ депутаттар (ошонун ичинде өзү да бар), вице-премьер-министр Боронов баштаган өкмөт өкүлдөрү, губернаторлор да барышты.

Кызыгы, Шыкмаматов ал жерден жакшы эле сый көрүп, бирок кайтканда көралбаган ар кандай сөздөрдү божураптыр. Бир жылдан кийин парламенттик шайлоо болот эмеспи. 20 миңден ашык эл келип атса, Алмаке өзү 2 миң адам топтой албасын билебиз. Анан ичи күйүп, жеген ашына түкүрбөй эле эркекче тарап кетпейби? Баягы «тескери сийген» адам эски адатын таштабайт экен го…

Булак: «Азия ньюс»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83