www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жылдызкан Жолдошева, экс-депутат: “Садыр Жапаровдун соту мыйзамды тебелөө менен акыйкатсыз өттү”

Айдар Нуралиев 02-май 2019, 15:50

Саясат


Жылдызкан Жолдошева, экс-депутат: “Садыр Жапаровдун соту мыйзамды тебелөө менен акыйкатсыз өттү”

Садыр Жапаровго чыгарган Жогорку соттун чечимине коомчулук нааразы болуп атканын көрүп атабыз.  Элдин маанайы менен эсептешпегендер эмне болгонун билесиңер? Эртең адилетсиз чечим чыгарган сотторду жазалоо күнү келсе, алар тозоктун отуна чейин эле түрмөдө өздөрү отуруп калышпайбы?..

– Жылдызкан айым, Садыр Жапаровду Жогорку сот 10 жылга камады. Мурункусунан 1 жыл 6 айга гана кыскарды. «Мыйзамсыз чечим чыкты» деп президентке чейин кайрылдыңыз. «Акталат» деп күттүңүздөр беле?

– Сот мыйзамды тебелөө менен акыйкатсыз өттү. Жапаров мыйзам сактабаган соттордун айынан өтө көп запкы жеди. Тилекке каршы, биздеги саясый элита өч алуу айлампасына түшүп алган. Бири-бирин сындырып, камап, саясаттан упай топтошот. Жапаров мына ушул саясатгын туткуну, курмандыгы болгону мени таңкалтырат.

Ал коррупциянын очогу болгон Кумтөрдү ийне-жибине чейин иликтеп чыгып, мамлекетке зыяны, элге-журтка кесепети тууралуу айткандан кийин куугунтукка алына баштаган. Акыры өзүн камады, балдары, бир туугандары да кыйналышты. Ата-энеси дагы баласынын акыйкатсыз камалып кеткенин көтөрө албай, көз жумуп кетишти. Бул – трагедия. Мындай иш Жапаровдун үй-бүлөсү эле эмес, ар бир саясатчынын башына келип калышы мүмкүн.

Мен азыр билбей турам, «Жапаровду 10 жылга кескиле» деп сотторго ким заказ берди? Балким, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева өч алып жаткандыр… Калиеванын Жогорку сотто төрайым болуп отурушунун өзү мыйзамсыз. Эмнеге минтип айтып жатканымды ал өзү жакшы билет. Себеби, ал талапкерлиги көрсөтүлүп жатканда дагы ушуларды айткам. Балким, ошонун өчүн алып, «атажуртчуларга» ичкүптүсүн Жапаровдон чыгарып жаткандыр. Эгер мыйзамга таянып карай турган болсо, Жапаров акталат эле. Жабырлануучу Эмил Каптагаев да ушул сөздү айтып жатпайбы!

Булак: «Азия ньюс»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83