www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент театрлардын абалын көрүп чыкты

Айдар Нуралиев 07-май 2019, 16:57

Саясат Маданият


Президент театрлардын абалын көрүп чыкты

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 7-майда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына жана Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрына барды.Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Кыргыз драма театры акыркы жолу тогуз жыл мурда оңдолгону, азыр оңдоп-түзөөгө жана материалдык-техникалык базаны жаңылоого 76 млн. сомдон ашуун каражат керек экени, жылына театр өзү тапкан каражатка алты спектакль тартуулап жатканы айтылды.

Орус драма театрында оңдоп-түзөө 3-4 жыл мурда болгону, азыр жаңылоого 114 млн. сом керек болуп жатканы, жылына алты жаңы спектакль көрсөтүлөрү белгилүү болду.

Мамлекет башчысы эки театрдын имараттарын көрүп чыгып, тез арада капиталдык оңдоп-түзөө үчүн каржылоону тездетиш керек экенин белгиледи. Ал начар шартта эмгектенип келген, бирок ишине берилген чыгармачыл жамааттарга ийгилик каалап, каржылоо маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө убада берди.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83