www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Жеңишке 74 жыл. Өмүрү өрнөк ардагер

Айдар Нуралиев 09-май 2019, 12:00

Коом


Улуу Жеңишке 74 жыл. Өмүрү өрнөк ардагер

Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Термечиков Мырзакул 1922-жылы азыркы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Бууракан айылында төрөлгөн. 1941-жылы эл-жерин баскынчылардан коргоо үчүн майданга аттанып, айыгышкан согушта көрсөткөн эрдиги үчүн Кызыл Жылдыз ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган. 1942-жылы коммунисттик партиянын катарына өткөн.

Кан майданда жүрүп колунан оор жаркат алып 1944-жылдын май айында айылына кайтып келген. Жогорку окуу жайынынын тарых факультетин аяктаган. Партиянын райондук комитетинин уюштуруу бөлүмүндө үзүрлүү эмгектенген. 1950-жылдан баштап басма сөз жагында эмгектенген. Жалал-Абад облусундагы Базар- Коргон райондук гезитинде редактор болуп тогуз жыл иштеген. Партиялык жогорку мектептен билим алган. СССР журналисттер союзунун мүчөсү болгон.

1960–1977-жылдары Бууракан сегиз жылдык мектебинде тарых сабагынын мугалими болуп иштеген. 55 жашында Улуу Ата Мекендик согуштун экинчи тайпадагы майыбы катары пенсияга чыккан.Ардактуу эс алууга чыккандан кийин да Мырзакул карыя эл журтуна колунан келген кызматын аяган эмес. Айылына электр зымын тарттырып келип жарык киргизип, тоого жол салдырып, теле мунара орнотуп, айыл эли сыналгы көрүп кубанычтары койнуна батпай Термечиков Мырзакулдун эмгегине ыраазы болуп кат-кат алкыш айтышкан.

Мырзакул Термечиков өмүрлүк жубайы Күмүшчач экөө төрт уул, бир кыздын ата-энеси болушкан. Балдарынын баары жогорку билимдүү. Эки уулу Арстан менен Токтобек жогорку медициналык окуу жайды бүтүрүшүп өз кесиптеринде үзүрлүү иштеди. Айрыкча Токтобектин жетишкен ийгиликтери жаштарга үлгү катары көрсөтүлүүдө. Өзүнүн ийкемдүү мамилеси, кесипкөйлүгү аркылуу Токтобек элдин алкоосуна татыды. Ал эми Үрүстөм болсо азыр байланыш тармагында иштеп жатат. Мыкты уулдарды эрезеге жеткирген Мырзакул аксакалдын тукумдары атасын уятка калтырбоонун аракетинде жүрүшкөнү кубанычтуу.Согуштун ардагери 1995-жылдын июнь айында катуу оорудан кийин 73 курагында дүйнө салган. Анын ысымы 1998-жылы Бууракан атындагы мектепке ыйгарылган. Жубайы Күмүшчач 87 жашка чыгып 2015-жылдын 12-июнунда дүйнө салып кетти. Алардын жаркын элеси ар дайым бала-чакасынын, айылдаштарынын эсинде.

Кырчындай кезинде Мекенин баскынчылардан жан аябай коргоп келген, жаштарга билим, тарбия берүүдө үзүрлүү эмгектенген, киндик каны тамган айылына колунан келген жардамын аябай камкордук көргөн Мырзакул карыяны жердештери урматтоо менен эскерип турушат.

Улукбек Бообек уулу

Булак:Ачык сөз


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83