www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Фоторепортаж — Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусундагы Бишкектеги Жеңиш аянтындагы митинг-реквием

Кызгалдак Жакыпова 09-май 2019, 17:55

Фоторепортаж Коом


Фоторепортаж — Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусундагы Бишкектеги Жеңиш аянтындагы митинг-реквием

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-майда Бишкек шаарында өткөн Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты.

Жеңиш аянтында өткөн митинг-реквиемде Президент Сооронбай Жээнбеков, өлкөнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, Башкы штабдын зардалы Райимберди Дуйшенбиев Түбөлүк отко гүлчамбар коюшуп, бир минута унчукпай Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгондорду эскеришти.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө биздин аталарыбыз жана чоң аталарыбыз өз өмүрүн аябастан кийинки муундарга эркиндик жана көз карандысыздык тартуулашканын белгиледи. Алардын теңдешсиз эрдиги жана жаркын элестери жүрөктөрдө түбөлүк сакталып калат.

Бишкек аскер гарнизонунун салтанаттуу парады болду.

Иш-чаранын соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков аянтта ардагерлер менен чогуу басып, алар менен маектешти.

Митинг-реквиемге ошондой эле чет мамлекеттердин дипломатиялык корпусунун, мамлекеттик органдардын, муниципалитеттин өкүлдөрү, борбор шаардын коноктору жана тургундары катышып, Түбөлүк отко гүл коюшту.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83