www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрдин мурдагы орун басары “Азия Ньюс” гезитин 10 млн. сомго сотко берди

Айдар Нуралиев 10-май 2019, 09:01

Кылмыш жана кырсык


Министрдин мурдагы орун басары “Азия Ньюс” гезитин 10 млн. сомго сотко берди

«Манас» аэропортунун авиациялык коопсуздук жана тартип дирекциясынын директору, ИИМдин мурдагы орун басары Данияр Абдыкаров «Азия-Ньюс» гезитин сотко берди.

Маалыматка ылайык, ал гезиттен 10 млн. сом өндүрүп берүүнү сотко коюуда. Анын доо арызынын негизги себеби, “Азия Ньюс” гезитиндеги  макалалардагы, Абдыкаровго коюлган  эң негизгиси: «Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнөн акча жасадыңыз беле?» деген суроо коюлуп Абдыкаров менен камиланын сүрөтүн чыгарышкан. Кийин гезит «ИИМ эмнеге бул фактыны көтөрбөйт?» деген маселе коюп дагы макала чыгарган. Ушунун өзү министрдин экс орун басарынын безине тийген окшойт.

Алгач 1 млн. сомдук доо арыздын өлчөмү өсүп отуруп 10 млн. сомго жеткен.

Биздин чиновниктердин оюндагы “кадырынын” баасы  карапайым он адамдын кунунан да жогору эмеспи. Кыргызстанды оңдоп, ишке болгон тактык-тазалыгы тарыхта калган И.Разаков деле өзүнүн беделин мынчага “пулдамак” эместир, эмнеси болсо да эмки сөз соттордо...

“Азия Ньюстун” редактору А.Сартбаевдин айтымында, ишти Октябрь райондук соту карап жатат. Эмки сот 29-майга белгиленди.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83