www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
520 миң долларлык пара алууга айыпталган министрдин орун басарынын иши 20-майда каралат

Айдар Нуралиев 10-май 2019, 09:21

Кылмыш жана кырсык


520 миң долларлык пара алууга айыпталган министрдин орун басарынын иши 20-майда каралат

Транспорт министринин мурдагы орун басары чет элдик компаниядан 50 миң доллар алып жаткан жеринен 2018-жылдын 5-декабрында кармалган.  Кармалган чиновник Азимкан Жусубалиевдин ишин кароону Биринчи май райондук соту 20-майда улантарын билдирди.

Маалыматка ылайык, алгач 4-апрелге белгиленген соттук процесс ар кандай себептерден улам жылып отуруп, 29-апрелде Азимкан Жусубалиевдин, Бехруз Гулрузованын жана Болотбек Токтобаевдин айыбы угузулган. 2-майдагы соттук териштирүү күбөлөр келбей калганына байланыштуу 20-майга жылдырылды.

Атайын кызматтын материалдарына ылайык, министрдин орун басары өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн кызыкчылыгын коргоп берүү үчүн 520 миң долларга пара катары алмак. Анын 120 миң долларын министрдин кылмышка шектүү орун басары ортомчулар аркылуу алган.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83