www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков: Жарандардын бакыбат турмушу жана коомдун гүлдөп-өнүгүшү банк кызматкерлеринин кажыбас эмгегине, ак ниет жана тыкан ишине байланыштуу

Айдар Нуралиев 10-май 2019, 11:46

Саясат


Президент Сооронбай Жээнбеков: Жарандардын бакыбат турмушу жана коомдун гүлдөп-өнүгүшү банк кызматкерлеринин кажыбас эмгегине, ак ниет жана тыкан ишине байланыштуу

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-майда, банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу банк чөйрөсүнүн кызматкерлери!

Сиздерди Банк кызматкеринин күнү менен куттуктайм!

Банк чөйрөсү Кыргызстан экономикасынын динамикалуу өнүгүп келе жаткан секторлорунун бири.

Республиканын аймактарын бирдей өнүктүрбөсөк жана жарандардын турмуш сапатын жакшыртпасак, өлкөнү стратегиялык өнүктүрүү максатына жетишүү мүмкүн эмес.

Ошондуктан финансы каражаттарын региондорго багыттоо ишин улантуу өтө маанилүү. Аймактарда ишкерликти өнүктүрүүгө багытталган атаандаштыкка жөндөмдүү долбоорлорду активдүү каржылоо зарыл. Биринчи кезекте кайра иштетүүчү жана экспортко багытталган ишканаларга көңүл буруу керек.

Санарип экономикага өтүү шартында финансы-кредиттик уюмдар каржылоонун инновациялык каражаттарын ишке кеңири киргизүүгө багыт алышы абзел.

Коммерциялык банктардын ролун жогорулатуу өтө маанилүү. Алар насыяларды көп берип, инвесторлор жана аманатчылар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, эң алдыңкы банк технологияларын колдонуу менен төлөм системасын өнүктүрүүгө милдеттүү.

Санариптик технологияларды киргизүү аркылуу насыялардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу керек. Аларды арзан жана бюрократиялык тоскоолдуктарсыз, кыска мөөнөттө берүү зарыл.

Жарандарыбыздын бакыбат турмушу жана коомубуздун гүлдөп-өнүгүшү сиздердин кажыбас эмгегиңиздерге, ак ниет жана тыкан ишиңиздерге байланыштуу болот.

Банк кызматкерлеринин кесипкөйлүгү, бай тажрыйбасы жана чыгармачыл дарамети өлкө экономикасын өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу максаттарга жетүүгө өбөлгө болот деп ишенем.

Сиздерге бекем ден соолук, албан ийгиликтерди, жемиштүү иш жана ар бир үй-бүлөгө бакубатчылык каалайм!»

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83