www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дамир Мусакеев эстафетаны Матраимовго эмес, Атамбаевге бере турган болду...

Кызгалдак Жакыпова 11-май 2019, 18:20

Саясат


Дамир Мусакеев эстафетаны Матраимовго эмес, Атамбаевге бере турган болду...

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев кечээ, 10-майда жон топ жергиликтүү ММКларды ээрчитип алып чарыгын сүйрөп, чалчактап актанып чыкканы эркекчиликке жаткан жок. Анчалык болду, учурдагы бийликке кошогун кошуп, комузун колуна кармап, бир акынды ээрчитип алса болмок.

Кызыгы, Дамир мырза түз эфирдин жүрүшүндө эстафетаны мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин күндөшү Раим Матраимовго тапшырды. Бул жерде таң калыштуусу, кетмен чаап, кара терге түшүп эмгек кылып байыган Дамир Мусакеев эстафетаны Райым миллионго өткөргөндөй ким өзү? Ал болгону Атамбаевдин жан сакчысы экенин унутпаса болот беле?... Ошондуктан Мусакеев эркек болсо эстафетаны Раим миллионго эмес Атамбаевге өткөрүп берсе жакшы болмок.

Жан сакчы Дамир мырза, аттан түшсө да ээрден түшпөй АШАнын бийлигин жүргүзүп жаткансып, өзүнчө бүтүм чыгарып, бийлике асылып, ШОУ уюштуруп, тиешеси жок жерге Раим Матраимовду кошуп, эстафета өткөргөндөй кандай мамлекеттик кызматты аркалады эле, деген суроо жаралат.  

Кечээги шоудо Дамир Мусакеев өзүнүн мүлкүн көрсөткөнү бардыбы же “балашка” атасы Атамбаевдин буйругун аткарып, коомчулука пикир жаратып, бийликке акыл үйрөткөнү бардыбы, айтор “за-за” реклама болуп калды да, так ушул жерде “балашка” саясатта чабал экендигин көрсөтүп койду. Дамир мырзанын бул кадамы, Байдылда Мидинге кат жазгандай:

Билинбей кетти кабарың,

Мидике кандай абалың?

Бир топ жыл бирге татканбыз,

Бул жактын тамак-шарабың.

Бир жүргөн кезди эстесем,

Бүркөлөт ачык кабагым.

Башта бар дечи бир өлүм…

Баардыгын жакшы билемин, дегендей эле болуп калды. Кыргызда макал бар эмеспи: башка келгенди көз тартат, акыры башта бир өлүм, деген...Дамир мырза, сиздей президенттин жан сакчысына актанган “бовойт”. Камчы атка жарашкан, эшекке жарашпайт. Чын эле ак болсоңуз, таштак жолдо тайбас болуп, тизгинди бекем кармаңыз, сизде чын эле Сүмбүлдүн сүрү эмес, накта кыргыз жигитинин кайраты болсо, эми “эркекче” эстафетаны Атамбаевге тапшырыңыз... Анткени калдайган кыргыз калкына Райым Матраимовго караганда Атамбаевдин мүлкүнүн баасы абдан кызык болсо керек. Дагы бир ачуу чындыкты айтып коюш абзел, бул сөзүм тиги Райымбек Матраимовго жагынуу эмес, ачык кеп...

Матраимов, сиздин деңгээлиңиздеги киши эмес, Атамбаев ал кишини өзү, “ӨЗҮ” менен теңтайлаштырып, коомчулукка акысыз “РЕКЛАМА” кылып берди. Андыктан ошол,  ылакап аты миллион деп таанылган Матраимовдун мүнөзүнө мүнөздөмөнү өтө аңтарып издеп көрдүк.

Ал мени итсиң деди. — Итмин — дедим... Тек гана терикпестен күлүп туруп. Не кылам жаман айтып жаакташып Мен анын ит экенин билип туруп.

Ал мени эшек деди, — Ооба — дедим. Болбосо шылдыңдоого жетет тилим... Не кылам ажылдашып, кажылдашып Мен анын билип туруп эшектигин.

Ал мага албууттанып жана берди Сөздөрү жийиркентип кара жерди. Ролун эки айбандын бир аткарып Артымдан ээрчий басып кала берди., -деген Байдылда атанын ыр саптарындай, Райым Матраимов анча-мынчага терикпей, басып алып кетип калган инсан экенин уктук.

Кептин кыскасы, эми картошка эгип байыган байлыгыңыз өзүңүзгө кут болсун. Сизге кыргыздын жигити катары ийгилип таазим кыламын. Болгону ар кимдин айтканын кылып,  ар кайсы ШОУлорду уюштурбай акыл-калчап иш кылыңыз. “Эр жигиттин ичине ээр-токумдуу ат батат” дейт кыргызда. Бешенесин сылаткан беш көкүл кызга жарашкан, кырчылдаган жигитке калп айтып, актанган жарашпайт. Баш кесмек бар, тил кесмек жок, сунулган башты кылыч кеспейт. Ток этээрин айтыңыз да токтуңузду тоого айдаңыз... Өкүнүчтүүсү, кечээ, кайсы кем акылдын түрткүсү болду, туура эмес кадам жасап алдыңыз, эми акырын түздөп алыңыз...

“Кыс-тати” Дамир мырза, эми сиз эстафетаны Раим миллионго эмес, “Райымбек Матраимовдун ЖАН САКЧЫСЫНА эстафета” деп жөнөтсөңүз куп жарашат же “аташкаңыз” Атамбаевдин жеке АТЫНАН “Райым Матраимовго эстафета”, десеңиз бири гүл, экинчиси булбул болот да...

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83