www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түрк элчисинин кекеткен себебин муфтият түшүндүрдү

Айдар Нуралиев 13-май 2019, 09:09

Коом


Түрк элчисинин кекеткен себебин муфтият түшүндүрдү

Муфтият Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фыраттын ооз ачаарга келип, Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын башчыларын кекеткен жагдайга түшүндүрмө берди.

Элчинин муфтий Максатбек Токтомушев баш болгон кишилерди кекетип, "же Түркияны, же террорчу уюмду тандайсыңар" деп, ресторандан кетип калган тасмасы 12-мартта интернетке тараган.

Ага мурдагы "Себат", азыркы "Сапат" билим берүү мекемесин бир нече жыл башкарган Орхан Инанды менен чогуу ооз ачарга чакыргандыгы мебеп болгон. Дипломат Түркия Кыргызстанга 35 миллион долларга мечит салып бергенин да бетке карманган.

Мурдагы "Себат", учурдагы "Сапат" билим берүү мекемелеринин түзүүчүсү - диниятчы Фетхуллах Гүленди түрк бийлиги террордук деп санайт.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83