www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батукаевди боштондукка чыгарган камала турган лөктөрдүн ТИЗМЕСИ

Кызгалдак Жакыпова 13-май 2019, 11:08

Саясат


Батукаевди боштондукка чыгарган камала турган лөктөрдүн ТИЗМЕСИ

Кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда экс-президент Алмазбек Атамбаев коё берген. Бул тууралуу 2016-жылы “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев маалымат жыйынында билдиргенди тууралуу маалымат социалдык тармактарда кайрадан жанданды.

Ага кошумча, мурдагы ИИМдин министри Зарылбек Рысалиев Батукаевдин өлкөдөн чыгып кеткендигине чоң салым кошкон Алмазбек Атамбаев экендигин кагазга ороп айта баштаса, саясый куугунтук менен камакка алынган Өмүрбек Текебаев, “Батукаев Атамбаевдин буйругу менен бошотулган. Бул ишти парламенттик комиссия иликтегенде Атамбаевге барып такалган. Бул далилденген факт”, - деп кызыл иңирде ачыктаган.

Эске сала кетсек, 2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык соту Батукаевди “айыккыс дартка чалдыкты” деген жүйө менен бошотуп, ошол эле күнү аэропорттон кызыл килемге салып Чеченстанга учуруп жиберген.

Атамбаев Батукаевден ири өлчөмдө пара алып, анын тең жарымы жасалма болуп чыкканы коомчулук арасында ушул тапка чейин айтылып жүрөт.

Ушул жылдын 19-апрелинде Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште, Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иликтөө иштери кайра башталганын билдирген.

Иликтөөнүн жүрүшүндө онколог Эмил Макимбетов жана гематолог Ирини Цопова, дагы 3 дарыгер кармалган.  

Ишенимдүү булактардын билдирген маалыматтарына таяна турган болсок, Батукаевдин артынан 20га жакын киши темир тор артына түшөт.  

Камалганга кезекте тургандар, Аида Салянова, Алмазбек Атамбаев, Шамил Атаханов, Турсунбек Акун, Зарылбек Рысалиев жана башкалар...

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83