www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казак кыздын сүйүүсү: Райым мырза, кубатым болбосоңуз дагы кубанчым болуңузчу...

Кызгалдак Жакыпова 13-май 2019, 11:46

Адабият Саясат Коом


Казак кыздын сүйүүсү: Райым мырза, кубатым болбосоңуз дагы кубанчым болуңузчу...

Биздин редакцияга кат түштү. Кандай кат? –Кадимки эле учурда узун элге кеп болуп, аттуу-баштуудан тартып, аймактагы айылдын ар бир түтүнүнө чейин кеп сөз болгон мурдагы президент Атамбаевдин эң жакшы көргөн инсаны Райымбек Матраимовго, Шолпан аттуу айымдан кат келип түштү. Кашын керек каккан казак кызы, кыргыз тилин суудай билет экен. Шолпан: -Анча-мынча калем кармап, бир-эки ыр саптарын курап коёмун. Ушул жазганымды жарыкка чыгарып бере аласыздарбы?-дейт. Эмне дейбиз? Окурмандардын айтканы биз үчүн буйрук. Алгач Шолпандын, "Раим мырза иттер үрсө унчукпа" деген ыр саптарын окурмандарга сунуш кылалы. 

Эл үчүн чуркап жүргөн, күйүнгөн,

Элге чачып түгөнбөгөн дүнүйөң.

Атамбаев легендага айланткан,

Табышмактуу кимсиң Раим миллион?

 

Калппы, чынбы сен жөнүндө кеп уктук,

Элин, жерин сүйгөн жигит деп уктук.

Чечип берип үстүндөгү тонун да,

Жетимдерге күйгөн жигит деп уктук.

 

Сиз жөнүндө түркүн-түрдүү кеп уктук,

Кудай берген элпек жигит деп уктук.

Башкалардай битирленбей тапканын,

Элге чачкан эркек жигит деп уктук.

 

Элге кылсан сага кудай берет деп,

Элин турат жакшы күндөр келет деп.

Күнү бүтүп ушакчынын, уурунун,

Бир күн барып чындык кайра жеңет деп.

Бата берип жатат сага калың журт,

Сендей жигит бүгүн бизге керек деп.

 

Сага өчөшүп, иттер чыкса сен чыкпа,

Ажылдашып үрө берсин унчукпа.

Бул да болсо сага болгон сыноодур,

Душманыңдын уу сөзүнө тумчукпа. (уландысы бар)

Шолпандын, Райымбек Матраимовго жазган сүйүү саптарын эмес, “Райым мырза, кубатым болбосоңуз дагы кубанчым болуңузчу...” деген “сезимдерин” бир нече сааттардан кийин сиздерге сунуштайбыз.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83