www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АУДИО - Токтосун Намазов, "Мt beauty models" эл аралык форумунун директору: “Моделдерди байларга сатат” деп Сакенова мени каралоодо”

Айдар Нуралиев 14-май 2019, 10:00

Маданият


АУДИО - Токтосун Намазов, "Мt beauty models" эл аралык форумунун директору: “Моделдерди байларга сатат” деп Сакенова мени каралоодо”

Чолпон Сакенованын студиясын ижарага алып, моделдеримди “Моделдер таймашы” долбооруна даярдачумун. Анан ар күнү эле менин кыздарымды сүрөткө, тасмага тартып студиясынын атына пайдаланып өз инстаграмм баракчасына киргизчи. Мен акыры буга каршы болдум. Ушундан улам пикир келишпестиктер чыккан. Мындан кийин ал мен жөнүндө “интригаларды” жасап баштады. Мындай пикирин Токтосун Намазов биздин редакцияга билдирди.

7-майда менин моделим Ажара Кубанычбек кызы, мен, жарнамалык агенттиктин жетекчиси менен тамактанууга барганбыз. Кеч болуп калганынна байланыштуу батиримде түнөп калдык. Ошол убакта Чолпон эже менин моделдериме мени жамандап, мен жөнүндө вотсаптан жазды. Анын сөздөрүнө ишенген Ажар мени менен урушуп кетип калды. Чолпон эже дароо такси менен үйүнө чакырып алыптыр да, мага каршы маек берүүгө үндөп, алдап көндүрүптүр.

-Кандайча каршы маек?

-Уруша кетип мага жини келип жаткан кыздын абалынан пайдаланып, кагазга сөздөрдү жазып берип окутуп, диктафонго жазып алыптыр. Ажарды бай кишилерге салып берет деген мааниде, “бетиңди көрсөтпөйм, ушундай маек берсең,“подстава” кылып Токтосунду каматабыз. Болбосо, реакция кыла албайбыз”- деп Ажарды алдаган.

-Ал маек башка ММКларга чыктыбы?

-Андан кийин Чолпон Сакенова жергиликтүү ММК бирине барып, мага жалаа жаап маек бериптир. Ажар, алдын-ала даярдалган суроолорго кагазга жазып берген жоопторун окуп берген. Сакенованын максаты өзүн "пиарлоо", экинчиден мага өчөшүп эч кандай далили жок , каралоону баштады.

 -Маекте сизди "демөөрчүлөрдөн алдап акча алган" деп жүрөт?

-Ооба, менден толтура кишиден алдап акча алган дейт, бирок, андай болгон эмес. 4 дүкөн мага 150 доллардан берген, ал акчалардын баары жарнамаларга кетти. Менде эсеби жазылган счёт-фактура бар. Ал демөөрчүлөргө жолукканда, мага эч кандай доосу жок экенин айтышты. Аларга “Моделдер таймашы” көрсөтмөсүн уюштурам же акчасын кайрып берээримди айткам.

Андан кийинки кеп кезегин тактоо үчүн модель, Ажара Кубанычбековадан маек алдык.

Ажара Кубанычбекова, модель: “Калп көрсөтмө бербесең, сени элге уят кылам” деп коркутуп  жатат”

Сиз, 7-майда Чолпон Сакеновага кандайча кезигип калдыңыз?

Токтосун экөөбүз кафеден чыгып, анын үйүнө барган убакта, Чолпон эже мага жана башка кыздарга: “эч кандай долбоор болбойт. Силерди Токтосун алдап жатат”- деп вотсапптан жазып баштаган, мен үйүнө барганда Токтосунга айтып, ушул боюнча аны менен уруша кеттим. Бул боюнча Чолпон эжеге айтсам, "үйгө кел, таксинин акчасын төлөп, тосуп алам”- деди. Мен бардым.

-Анан?

Барганда, “кафеде ким менен тамактандыңар?” деп сурады. “Мен, Токтосун анан бир байке бар болчу”, - десем эле, “азыр диктафонго жазып алабыз. Токтосун мени интимдик кызмат көрсөтүүгө чоң кишилерге салып берчү. Ошол себептен Токтосундун үйүнөн качып келдим”, - деп айт деп мага кагазга жазып берип окутуп жаздырып алды. “Эгерде, ушуну айтсаң Токтосундун долбоорун жабабыз. Аны камайт. Ал менден эл алдында кечирип сурасын” – деген. Ошол күнү Чолпон эженин үйүндө калдым. Эртеси, Сокулукка үйүмө кеттим. Ошол күнү саат 14:00до Чолпон эже мага чалып, “Токтосундун акча алгандыгы тууралуу арыздарды чогултуп жатам. Кечинде журналисттерге барып, менин жазып бергендеримди айтасың. Баары анонимна болот. Кебетең көрүнбөйт, үнүңдү өзгөртөбүз”, - деп айтты. Элден уялып, апамдар билип калса урушат дегем. Анан барып маек бердик. Эртеси, Токтосунга ачуум тараганда мен Азамат байкеге (журналистке) вотсапп аркылуу “маегимди чыгарбашын” айттым. Андан кийин эле Чолпон эже мага чалып: “эмнеге маекке уруксат бербей жатасың. Эгер маегиңди бербесең, диктафондогуну, атың, сүрөтүң менен кошо жарыялап, сени бүт өлкөгө уят кылам”- деп коркутуп баштады. Коркуткандары  аудио жазуулары сакталуу.

-Сиз укук коргоо органдарына кайрыласызбы?

Эгерде, менин атымды чыгарып, өзү үйрөткөн сөздөрдү окутуп алган аудио жазманы ММКларга, интернетте жарыяласа, анда Сакеновнанын үстүнөн арыз жазып  милицияга кайрылам.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83