www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовду кабыл алды

Айдар Нуралиев 13-май 2019, 16:36

Саясат


Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-майда өлкөнүн Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик органдарда жана укук коргоо тутумдарында мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча 2018-жылы жана 2019-жылдын 1-кварталындагы прокуратура органдарынын күндөлүк ишмердиги жөнүндө маселелер талкууланды.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы жана 2019-жылдын 30-январындагы чечимдерин аткаруу, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот реформасы боюнча Кеңештин 2018-жылдын 17-майындагы жана 27-декабрындагы чечимдерин жана  “Сот реформасын жүргүзүүнүн алкагында көрүлүп жаткан айрым чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 22-майындагы Жарлыгын ишке ашыруу боюнча маалымат берди.

 Президент Сооронбай Жээнбеков мындан ары да мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү күчөтүүнүн, ошондой эле жаңы жазык-укуктук мыйзамдарда көрсөтүлгөн чараларды толук көлөмдө ишке ашыруунун маанилүү экенин белгиледи.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83