www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сирияга кеткендердин тагдыры талкууланат

Айдар Нуралиев 14-май 2019, 09:52

Коом


Сирияга кеткендердин тагдыры талкууланат

Бүгүн, 14-майда Бишкекте жакындары диний уюмдар менен Сирияга кетип калган жарандардын катышуусунда жыйын болот.

Акипресс агенттигинде өтүүчү жыйында «Ислам мамлекети» террордук тобунун Борбор Азия чөлкөмүнө тийгизген таасир жана анын кесепети талкууланат. Талкуудагы негизги каралуучу маселе Сирияга кеткен кыргыз жарандарын кайтаруу, алар келгенден кийин аларага карата Кыргызстандагы саясый-мыйзамдык мамиле жана алардын тагдыры тууралуу болот.

Жыйынга  Сирияга кетип калгандарынын жакындары менен бирге коомдук уюмдардын адистери да катышат.

Казакстан бийлиги бул жаатта бир топ иштерди аткарып, жакында эле 2-жолу Сирияга кетип калган жарандарынын тобун  мекенине кайтарып келди. Кыргызстан коңшу мамлекеттерге карганда, бул маселенин оош-кыйышын карай элек.

УКМКнын маалыматы боюнча, 800дөй кыргыз жараны “Ислам мамлекети” диний тобуна кошулуп кетип, 200дөн ашууну каза болгон. Алардын 140 аялдар.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83