www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаевдин түбүнө Райымбек Матраимов жетеби?

Кызгалдак Жакыпова 14-май 2019, 18:12

Саясат


Атамбаевдин түбүнө Райымбек Матраимов жетеби?

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 13-майда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине атайын видео кайрылуу жолдоду.

Буга чейин экс-ажо АША Р. Матраимовго карата такталбаган сындарды айтып келген эле. Аны коррупционер деп, бажы тармагындагы «серый кардинал» атаган. Анан дагы мурдагы премьер-министр С. Исаков менен экс-мэр К. Кулматовдун камакка алынышын ушул Райым мырзанын кызматтан алынышы менен байланыштырган. Ошондой эле ал Р. Матраимовду бүгүнкү бийликке гана жармаштырып, өзүн андан аябай эле оолак кармаган.

Мына ушулардын баарына Райымбек Матраимов өз кайрылуусунда толугу менен токтолуп, жооп берген экен. Биринчиден, ал Кара-Сууда өткөн атасынын элесине арналган спорттук иш-чарага токтолуп, аны Атамбаевге таандык маалымат каражаттары көбүртүп, каралап жатканын айтты. Анан мындай иш-чараны алар мурдатан эле өткөрүп келишкенин, ага убагында Атамбаев өзү да кеңешчиси Икрам Илмиянов баштаган топту жөнөткөнүн эске салды. Демек, А. Атамбаев президент кезинде Райымбек Матраимов менен эң жакшы мамиледе болгон десек болот.

Анан дагы Матраимовдун карьералык өсүш жасашы да дал ушул Атамбаевдин доорунда болгон. Бул тууралуу ал мындай дейт:

«Сиздин командаңызга кошулганга чейин жөн гана Райымбек болсом, кийин эле сиз “Райым миллион” атка кондурдуңуз. Алланын колдоосу жана жеке аракетим менен бажы тармагында катардагы инспекторлук кызматтарды басып өтүп, Ош бажысынын башчылыгына чейин жеттим. Кийинчерээк сиздин жеке колдооңузга, ишенимиңизге арзып, жыл сайын мамлекеттик план-тапшырмаларды аткарып, иштеп жүрдүм. Өз кезегинде аткарган ишимди жогору баалап, жеке өзүңүздүн жана жакын кишиңиз, Икрам досумдун колдооңуз аркылуу Бишкекке которулдум. Борбордо да сизди уят кылбай иштедим. Командаңызда эң ишенимдүү адамдардын бири болуп жүрдүм, дегеле 2010-жылдан тарта сизге жана сиз колдогон партияга ар тараптуу көмөгүмдү берип, колдоо көрсөтүп келдим. Аягында айтарым, мага карата каралоону токтотпосоңуз, мындан ары жөн отурбаймын. Сиз менен күрөшүүгө жетиштүү маалыматтарым бар жана күч-кубатым жетишээрлик», - деди Райымбек Матраимов.

Анын Атамбаев менен болгон мамилеси 2017-жылдын октябрь айында кайнежеси менен АШАнын кызы машина токтотуучу жайда орун талашып урушуп кеткенден кийин башталганын да айтты.

Демек, Атамбаев жеке үй-бүлөлүк мамиледен чоң мамлекеттик мамиле жаратып атканын байкоого болот. Анан дагы Р. Матраимов аны менен күрөшүү үчүн жетишээрлик маалыматтары бар экенин кыйытты. Мындан улам эгерде Р. Матраимовдун жоопкерчилиги карала турган болсо, анда А. Атамбаевдин өзүнүн да жоопкерчилиги чогуу каралып калышы мүмкүн экенин билсек болот.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83