www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урмат Акунов: “Матраимовдун сунган кылычына Атамбаев чыпалагын тосо албайт”

Кызгалдак Жакыпова 14-май 2019, 15:27

Саясат


Урмат Акунов: “Матраимовдун сунган кылычына Атамбаев чыпалагын тосо албайт”

Урмат мырза, кечээ КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, КР экс-президенти Алмазбек Атамбаевге ВИДЕО Кайрылуу жасады.  Ага КСДП да жооп кайтарды. Кеп кезеги кайда барып такалышы мүмкүн?

--Эч кайда барып такалбайт. Чындыгында мурдагы президент, Матраимовдордун ата-жотосуна чейин тийишти. Макул, Матраимовдун өзүнө тийишсин, анын атасына тийишкенге кандай акысы бар. Менин Бектемир атама тийишип көрсүнчү, сазайын бермекмин.

--Кайрылууга каршы Атамбаев эмнеге өзү чыккан жок...

--Кайсы бети менен чыгат. Матраимов, Атамбаевди адекваттуу түрдө алага тээп туруп, беттен ары чаппадыбы? Эмнесине актанат. Мындайча айтканда Матраимов, кылычты кындан сууруду. Атамбаев кылычын сууруганга духу жетпейт. Тактап айтканда, Матраимовдун сунган кылычына Атамбаев чыпалагын тосо албайт.

--КСДПнын Раим Матраимовго берген жообуна канаатандыңызбы?

--Атамбаев просто бир кыздын артына жашырынып алды. Өзү жасаган капаска кирип кетти.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83