www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сүрөт - Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Кытай Эл Республикасынын коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжи менен жолугушту

Кызгалдак Жакыпова 14-май 2019, 16:59

Саясат


Сүрөт - Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Кытай Эл Республикасынын коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжи менен  жолугушту

2019-жылдын 14-май күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөлөрү жана Коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжи менен жолукту.

Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин өкүлдөрү менен катар кытай тараптын делегациясынын курамында Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Өзгөчө кырдаалдар жана Ыйгарымдуу элчиси Ду Дэвэнь айым, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары Мэн Ян, Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тышкы коопсуздук иштери боюнча ыйгарым укуктуу адиси Чэнь Гопин, Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик коопсуздук министринин орун басары Дун Цзиньвей жана башкалар бар.

Ал эми, кыргыз тараптан делегацияны Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-майору  Кашкар Джунушалиев жетектеп, курамына Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басарлары милициянын генерал-майору Курсан Асанов, милициянын полковниги Алмаз Орозалиев жана тиешелүү башкармалыктардын жетекчилери кирди.

Аталган жолугушуунун алкагында эки тараптуу кызматташуу менен аны мындан ары өнүктүрүү жолдору талкууланды. Ошондой эле, кызматташууну өнүктүрүүнү улантуу менен эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү керектиги айтылды.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбеков менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин “Бир алкак-бир жол” экинчи форумга катышуусунун алкагында өткөн жолугушуусу белгиленди. Аталган жолугушуу эки мамлекеттин ортосундагы жагымдуу мамилелер менен бардык багыттар боюнча бирдиктүү кызматташуудагы кызыкчылыктарды көрсөтүп, эки өлкөнүн Президенттери тарабынан тапшырылган иштерди улантуу керектиги айтылды. Жолугушуу учурунда өз ара кызматташуулар бири-бирин сыйлоо жана ишеним көрсөтүү принцибинде негизделгендигин жана кыргыз-кытай мамилеси приоритеттүү багыттарда өнүгүп жаткандыгы белгиленди.

Эки өлкөнүн коопсуздугун жана туруктуулугун бекемдөө максатында мындан ары кызматташууну өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуулар болду. Маанилүү маселелерди талкуулоодон кийин, протоколдорго кол коюу салтанаты өттү. “Кыргыз Республикасынын ИИМи менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы “Кыргыз-Кытай” газ өткөрүү жолдорунун коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматташууну күчөтүү тууралуу” жана “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин ортосунда кайтарымсыз негизде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине материалдык-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө” эки протоколго кол коюлду.

Кол коюлган протоколдордун бирин ишке ашыруунун алкагында Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Коомдук коопсуздук министрлиги кайтарымсыз негизде Кыргыз Республикасынын ИИМне 30 миллион юань суммасындагы жабдыктарды (полициялык) берүү пландалууда.

Бул материалдык-техникалдык жардамдар Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын коомдук коопсуздукту камсыздоо, анын ичинде Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекеттеринин башчыларынын саммитин өткөрүү маалында кызмат өтөөнүн деңгээлин жогорулатууда маанилүү ролду ойнойт. 

Жакшы маанайда жана достук мамиледе өткөн жолугушуунун аягында, мындан ары да кызматташтыкты бекемдөө менен өнүгүүнүн негизги багыттарында жүргүзүлө турган иштер баса белгиленди.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83