www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Динара Сагинтаева менен Атаханов сурак берип баштады

Кызгалдак Жакыпова 14-май 2019, 17:59

Саясат


Динара Сагинтаева менен Атаханов сурак берип баштады

Мыйзамдагы ууру Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда чыгып кетиши боюнча кылмыш иши жандангандан бери бул ишке тиешеси бар бир катар адамдардын түн уйкусу бузула баштады.

Буга чейин кызмат кылган пешка майда дарыгердин камалганы белгилүү болгон. Эми жакынкы күндөрү бул ишке тиешеси бар делген дагы 2-3 офицер "катталардын" кармалышы мүмкүн экендигин бизге ишенимдүү булактар кабарлашты.

Алар Батукаев абактан чыгарылган 2013-жылы чоң кызматты ээлеп турган. Ошол кездеги укук коргоо органдарын көзөмөлдөгөн вице-премьер министр Шамиль Атаханов, саламаттык сактоо министри Динара Сагинтаева жана Республикалык Кан борборунда убагыңда иштеген аксакал адам, илимий даражалары да кыйла экен. Бул адамдар азыр сурак берип жатышат.

Себеби, алар Батукаевдин дартын аныктоого чоң салым кошушкан. Бирок, аларга жогорку жакта өкмөттүн деңгээлинде буйруктар болгонун да унутпашыбыз зарыл. Кыскасы, Батукаевди абактан чыгаргандар боюнча кызыктар али алдыда. Буйруса, баары ачыкка чыгат.

Булак: Факты.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83