www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гүлмира, "Гүлмиранын “кадыры-баркы жок, кызматынан кетсинчи”, деди

Кызгалдак Жакыпова 15-май 2019, 18:10

Илим Саясат


Гүлмира, "Гүлмиранын “кадыры-баркы жок, кызматынан кетсинчи”, деди

Белгилүү журналисттердин бири Гулмира Уметалиев NazarNews,kg маалымат агенттигине учурдагы Билим Берүү министри Гүлмира Кудайбердиеванын билим берүү тармагындагы кайдыгерлигин билдирип, кызматтын тапшырып кетиши керектигин айтты. 

--Билим Берүү министри Гүлмира Кудайбердиеванын атына акыркы күндөрү жакшы сөздөр айтылбай келет. Буга чейин сиз дагы ага ар кандай сын-пикирилерди айтып келгенсиз?

--Кыргызстанда билим берүү системасы туңгуюкка кептелди. Заман тездик менен өскөндө билим берүү кеминде 20 жыл арта калууда. Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева бул жагдайларды эске алып, өлкөнүн билим берүү системасын кординалдуу өзгөртүүгө барса болмок. Колунда бийлиги бар, бирок баркы жок министр айым аларды жасамак түгүл, коомчулукта  “эки ката кетсе эч нерсе эмес”,  “каталарды калем менен оңдоого убактым жок” - деген тариздеги позициясы менен ансыз дагы өлуп бара жаткан билим берүү системасын муунтуп туруу. Ошондуктан, коомчулук  бул айымды Билим берүү министри эмес эле, балдарды маңкуртчулукка түрткөн министр катары таанып,  сындаса дагы кызматына жармашып, өлкөнүн келечегине балта чабууда.

Анткени эне катары окуу китептериндеги каталарга кайдыгер карай албайм. Былтыр 2-класстын "Мекен таануу" (автору Гүлпери Адилова жазган) окуу китебиндеги одоно каталар боюнча Президентке чейин кайрылууга туура келди. Жыйынтыгында Билим берүү министрлиги баардык каталарды моюнга алышып, китепти жараксыз деп таанышкан. Бирок алмаштырууга башка окуу китеби жок болгондуктан, балдар эки-үч жылбы айтор, жаңы китеп келгенче ката китеп менен окууга арасыз.

Ошондой эле, башка китептердеги каталар дагы оңдолбостон окутулуп жатат. Алтургай, Индия, Ветьнамда басылып жаткан китептер окуу жылы аяктап жатканына карабай республика боюнча толук жеткирилген жок. Мунун  баары кызматтык кыянаттык эмей эмне?

Эгер келечекти ойлосок, мындай Кыргызга кыянаттык кылган адамды билим берүү  тармагына койбойт элек. Минстр баш болуп, “Эки ката эч нерсе” эмес деп орун басарлары дагы толтура каталарды кетирүүдөн уялышпайт.

--Министр Кудайбердиева билим тармагына келгенден бери Билим тармагында кандай өзгөрүүлөрдү байкадыңыз?

--Кудайбердиева келгенде билим тармагы жакшы жагына өзгөргөн жок. Тескеринче,  жогоруда айткандай “өлүп бара жаткан билим системасын жипсиз муунтуп” салууда.  Кудайбердиеванын “жемиштерин” көрө баштадык. Эмне жаңылык алып келди? Ката жазуу уят эмес деген жаңылыкты киргизди. Өз милдетин аткара албай сынга кабылгандан кийин моралдык укугум жок деп кызматын таштап кетүүнүн ордуна дайыма  “Ал мен эмес, мен күнөөлүү эмесмин” – деген актануусун гана айтып олтура берүү менен биз билим берүү системасын өлтүрүүгө  салым коштуруп жатабыз. Андыктан, министрдин кызматтан кетишин талап кылам.

--Бийлик тарап, окуу куралдарындагы кемчилдиктер тууралуу кандай чечим чыгарышы керек эле...

--Бүгүнкү Өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев командасында эффективсиз министрди  кармап туруудан кандай  пайда көрүп жатат? Билбейм.Канчалаган нааразычылыктар уланууда. Министр окуу китептериндеги системалуу каталарды жоюу боюнча эч кандай сунуш бере алган жок. Мен эне катары бул маселени чечүүнүн жолун сунуштагам. Баардык окуу китептерин мониторинг жасап, коомдук талкууга коюп, заманга жараша окуу китептерин сунуштоого тийиш эле. Кыргызстан китеп басып чыгарууга канча каражат кетирип жатканын ачык айтпай келишет. Анын ордуна электрондук китеп киргизип, балдарды планшет менен камсыздасак, президенттин санариптештирүү деген программасын ишке ашырмак. Эки үч жылда жарактан чыккан ката китеп чыгаргандан көрө, окуу китептерин электрондоштрууга эмнеге болбосун?Менин сындоомдон кийин гана башталгыч класстарга стандарт кабыл алынып, окуу китептеринин линейкасы (1,2,11) класстарга чейин сакталуусу керектигин эске алып башташты. Антпесе, окуу китептердин мазмундук линейкасы сакталбай, ар кандай авторлордун түзүүсү менен китептер  басылып келген. Учурда деле, окуучулар ошол баш-аламан системада окуп жатышат.

--Гүлмира Кудайбердиева, анда алсыз, кадыры жок министрби?

--Кудайбердиеванын министр катары баркы жок. А болбосо, ал  бир дагы мектептин директорун иштен кетире албай келет. Новопавловка мектебинин директору Диляра Абдуллаевага ата-энелер ызы-чуу түшүп, нааразы болуп жатса дагы жумуштан ала албай, кылчактап, жаңы директорду милдеттин аткаруучу кылып дайындоосу анын алсыздыгын көрсөттү. Былтыр дагы бир мектептин директорун иштен алып, коллективи каршы чыкса кайра ордуна алып келген. Бүгүн дагы дал ушул кырдаал кайталанууда. Демек, бир мектептин директорун иштен ала албаган министрдин кереги барбы?  Кудайбердиева чыгарган буйруктарына мугалимдер баш ийбеген соң, ЖОЖ ректорлору тууралуу сөз кылуу керекпи?

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83