www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМ: Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов менен Россия Федерациясынын ички иштер министринин статс-катчысы-орун басарынын жолугушуусу өттү

Кызгалдак Жакыпова 14-май 2019, 19:39

Саясат


ИИМ: Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов менен Россия Федерациясынын ички иштер министринин статс-катчысы-орун басарынын жолугушуусу өттү

Бүгүн, 2019-жылдын 14-май күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде  Кыргыз Республикасынын  ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Россия Федерациясынын ички иштер министринин статс-катчысы-орун басары Игорь Зубов менен жолукту. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Россиялык кесиптеши менен учурашкан соң, Кыргыз Республикасынын  ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов ИИМге келгендиги үчүн ыраазычылыгын билдирип, жолугушкандыгына жана эки министрликтин кызматташуусундагы актуалдуу багыттарды талкулоого кубанычта экендигин билдирди.

“Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ички иштер министрлигинин ортосунда достук мамиле калыптанып, өнүгүүнү жана жакшыртууну улантып келет. Биз Россия Федерациясы, анын ичинде Ички иштер министрлиги көрсөткөн моралдык жана материалдык-техникалык колдоолорду жогору баалайбыз”,-деп Курсан Асанов белгиледи.

Өз кезегинде Игорь Зубов Кыргыз Республикасынын  ички иштер министринин орун басары Курсан Асановго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын айтып,  мындан ары тыгыз жана жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Курсан Асанов, кызматташуунун перспективдүү багыттары катары ИИОну реформалоо, эл аралык терроризм, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү, баңгитрафигине каршы аракеттенүү, ошондой эле эл аралык маалыматтык коопсуздук чөйрөсү сыяктуу бирдиктүү кызыкчылыктарды көздөгөн жакта тажрыйба жана маалыматтар менен бөлүшүү экендигине көңүл бурду.

Андан сыткары, тараптар укук коргоо чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташуу чыныгы оң жыйынтыктарды алып келе тургандыгын айтышып, түзүмдөр ортосундагы мамилени бекемдөөнүн кийинки жолун талкуулашты.

Эки түзүмдүн ортосундагы мамилени өнүктүрүүдөКыргыз Республикасынын ички иштер министрлигине кошкон салымдары үчүн Кыргыз Республикасынын  ички иштер министри Кашкар Джунушалиевдин тапшырмасы менен   Кыргыз Республикасынын  ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Россия Федерациясынын ички иштер министринин орун басары И. Зубовду Кыргыз Республикасынын ИИМи менен жемиштүү кызматташкандыгы  үчүн “Шериктеш” медалы менен сыйлады.

Өз кезегинде Игорь Зубов эки тараптуу кызматташуунун өнүгүшүнө салымын кошкондугун жогору баалагандыгы үчүн Курсан Асановго ыраазычылыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83