www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрликтин өздүк курамына ардагерлердин атынан ыраазычылык билдирилди

Кызгалдак Жакыпова 15-май 2019, 09:44

Саясат


Министрликтин өздүк курамына ардагерлердин атынан ыраазычылык билдирилди

Жалал-Абад облустук өрткө каршы кызматынын ардагерлери Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун дарегине 10-май күнү катталган өрттү өчүрүүгө катышкан өрт өчүрүүчүлөргө ыраазычылык билдирип өтүштү.

Ыраазычылык катта: 

«Биз Жалал-Абад облустук мамлекеттик өрткө каршы кызматынын ардагерлери 2019-жылдын 10-май күнү Жалал-Абад шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү ишканасында чыккан өрт кырсыгын өчүрүүдө өздүк курамдын иш аракеттерине баа берип, өрттү өчүрүүдө министрлик жана башкармалык тарабынан жеткиликтүү жумуш алынып барылып, жаткандыгына ынандык. Анткени «Томас и Ко» ишканасындагы өрт чыккан 1000м3 мунай куйүүчү идиштин (резервуар) жанында өтө жакын аралыкта 1000м3 өлчөмүндө 3 резервуар жана 500м3 болгон 15 резервуар жайгашкан. Мындан сырткары коңшулаш «Партнер Нефт» жана «Петролиум» мунайды кайра иштетүүчү ишканаларынын күйүүчү май күйүүчү идиштери күйүүчү майлары менен өтө жакын аралыкта орун алган, эгерде өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам жана күжүрмөн аракеттери болбогондо өрт жанаша турган күйүүчү май куюучу идиштерге тарап чоң жарылуу пайда болуп, анын кесепетинен биринчи кезекте өрт өчүрүүчүлөр андан кийин мунайды кайра иштетүүчү ишкананын айланасындагы калктуу конуштар жана жашоочулар жабыркамак. Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн участкалардын туура коюлуусу, өрттү өчүрүүнү туура жетекчилике алуу жана кызматкерлердин кесиптик чеберчилиги өтө кооптуу кырсыктардын алдын алды деп ойлойбуз. Ошондуктан, Сизге жана сиз жетектеген министрликтин өздүк курамына ардагерлердин атынан терең ыраазычылык билдиребиз», деп жазылган. 
Бул тууралуу маалыматты КР ӨКМнин Басма сөз кызматы билдирди.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83