www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Жанар Акаев: “КТ Мобайлдын” артында өкмөт башчынын жакындары турат дешүүдө, текшерели”

Кызгалдак Жакыпова 15-май 2019, 14:26

Саясат


ВИДЕО - Жанар Акаев: “КТ Мобайлдын” артында өкмөт башчынын жакындары турат дешүүдө, текшерели”

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев ишти баштабай туруп өзүнө ири суммада айлык чегерген «КТ Мобайл» ишканасы боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылды. Эл өкүлүнүн айтымында, парламент бул маселеге көңүл буруп, компаниянын артында ким турганын, анын максатын иликтеп чыгышы керек.

- Эмне үчүн бир ишкана дагы бир ишканадан жөн эле жерден 345 млн. сом алышы керек? - деп суроо койду ал. - Сөзсүз комиссия түзүп, текшеришибиз керек. «КТ Мобайлдын» артында кимдер турат? Биздин угушубузга караганда өкмөт башчынын жакын туугандары, анын балдары, бажалары деген сөздөр чыгып жатат. Ошонун баарын териштирип коюшубуз керек.

 “КТ Мобайл” компаниясынын айлыгын угуп ээси ооп калганын айткан депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында “Чак түштө бизден 345 млн сомду урдап жатканын угуп, улуу Рамазан айында унчукпай койсок, бизди кошо урдап кетет”- деп айтты.

Эске салсак буга чейин, “КТ Мобайлдын” директору Нурбек Мукамбетов 350 миң, орун басары Эрназар Рысалиев 300 миң, техникалык директор Николай Дмитриенко 290 миң, долбоордун башчысы 140 миң сом айлык алары жазылган. Бирок, “КТ Мобайл” ишканасы айлыктары 350 миң эмес, 157 миңден башталарын айтып чыгышкан.

Кээ бир маалыматтар боюнча, “КТ Мобайл” жетекчисинин орун басары премьер-министрдин бажасынын баласы экенин айтышууда.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83