www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АУДИО-Турсунбек Акун: "Батукаевди өлкөдөн чыгаруу боюнча Атамбаев буйрук берген"

Айдар Нуралиев 15-май 2019, 14:35

Саясат



АУДИО-Турсунбек Акун: "Батукаевди өлкөдөн чыгаруу боюнча Атамбаев буйрук берген"

Мурдагы КР саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу боюнча камакка алынды. Эми кезек кимде? Айрым такталбаган маалыматтарга таянсак, үч лөктө. Алар: Шамил Атаханов, Аида Салянова, Алмазбек Атамбаевда.

Мурдагы Акыйкатчы Турсунбек Акундун NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде Батукаевдин мамлекеттен чыгып кетишине Алмазбек Атамбаев, Башкы прокурор Аида Салянова, Жогорку Соттун төрайымынын салымы чоң.

--Ошол кезде баарыбыз президент Алмазбек Атамбаевдин чечими жана көрсөтмөсү менен буйрукту аткарганбыз. Турсунбек Акундун колунан эмне келет эле! Мен дагы 6 жылдан бери моралдык жактан жапа тарттым. Аброюмдун баарын Батукаев жок кылды. Менде эч күнөө жок. --Жакында сиз камала турган адамдардын катарын толуктайсыз деп айтылып жатат... --Кыйраттыңар! Кезек мага келген жок! Кезек, Аида Салянова менен Атамбаевге келди! Батукаевди мен чыгарган жокмун. “Причем тут” Турсунбек Акун! Эң биринчи Атамбаев камалашы керек! Мени Атамбаев менен жолуктурсун, анын бетине айтамын. Мен Акыйкатчы эч нерсе чечпейт. Токон Мамытов эмнени чечип жатат, “иттин куйругун да” чечпейт. Эптеп эле мени каматкыңар келип атабы? Уят деген жок өзү силерде...Мен эмес, Атамбаев камалышы керек!-деди, Турсунбек Акун.

Белгилей кетсек, крим төбөл Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «өлүм алдында жатат» деп, Чеченстанга учуруп жиберген. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 17-апрелде Жогорку Кеңеште Батукаевдин иши кайра карала тургандыгын билдирген эле. Жогоруда мурдагы Акыйкатчы Турсунбек Акундун Атамбаев тууралуу пикирин аудиотасмадан толугу менен уга аласыздар.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83