www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урмат Аманбаева, экс-депутат: “Матраимовду Атамбаевге караганда жакшы билебиз”

Кызгалдак Жакыпова 15-май 2019, 18:14

Саясат


Урмат Аманбаева, экс-депутат: “Матраимовду Атамбаевге караганда жакшы билебиз”

NazarNews маалымат агенттиги КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун КР экс-президенти Алмазбек Атамбаевге Кайрылуу жасагандыгы туурабы деген максатта жаш экс-депутат Урмат Аманбаеваны кепке тарттык.

--Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзунүн аброюн сактап,  ушунчалыкка барбай, сый-урмат менен эле жөн-эле жүрсө болмок. Кыргыздын кыйын чыкан балдарын каралап, эл алдында чыгып жамандагыны туура эмес. Так ошол жамандаган Матраимов, Атамбаевдин убагында кызматта жүргөнүн унутуп калган окшойт.

--Матраимовдорду билесизби кандай адам, Атамбаев айта берип аларга пикир жаратып койду.

--Матраимовдорду билген адам катары айтайын, өз жеринде кадыр-барктуу адамдар. Атамбаевге чейин эле үй-бүлөөсү менен бизнес менен алектенип келген. Колунда жокторго колдоо көрсөтүп, муктаж болгондорго жардам бердирип жатат. Биз кыргыздар, “бар болсо көрө албайбыз, жок болсо көрө албайбыз”. Бир байыган кыргыздын баласын баса калып тынбай каралай берген болбойт го. Кандай болгон күндө дагы Матраимов, Атамбаевге караганда Кыргызстанга таанылып калды.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83