www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Фоторепортаж – Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары

Айдар Нуралиев 17-май 2019, 08:33

Саясат


Фоторепортаж –  Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-майда, эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. 

Иш сапардын биринчи күнүндө Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы дыйкан чарбасынын иши менен таанышты. Анда Дүйнөлүк Банктын “Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоору боюнча маалымат алды.

Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунун Түп райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна барды, ошондой эле Түп айылындагы спорт комплекстин курулуш иштери менен таанышты.

Түп районунун жашоочулары менен жолугушуусунда, Мамлекет башчысы сот-укуктук реформа, тышкы саясаттагы аткарылып жаткан иштер, аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү ж.б. улуттук долбоорлор жөнүндө айтып берди.

Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоо алдында берген убадаларынын аткарылышына да кеңири токтолду. Алар – калкты таза суу менен камсыздоо, ирригацияны өнүктүрүү, мугалимдердин жана дарыгерлердин социалдык абалдарын жакшыртуу, коррупцияга каршы күрөш ж.б. маселелер.

Жергиликтүү жашоочулардын суроолоруна жооп берип жатып, Президент Кыргызстан ачык өлкө катары өнүгүп жатканын белгиледи.

“Биз ачык баарлашуудан улам өнүгөбүз. Бетме-бет отуруп, баарын ачык суйлөшсөк, терс көрүнүштөр азайып, жакшы нерселер жеңе баштайт. Ачык коом мына ушунусу менен жакшы. Коом, мамлекет өнүксүн, демократия болсун деген максатта сөз эркиндигин коргоп жатабыз. Сот-укуктук реформа ишке киришсе - бардыгы жолго түшөт. Биздин максатыбыз - өлкөбүздү өнүккөн мамлекеттердин арасына кошуу. Мен аткарылып жаткан жакшы иштер жөнүндө айтып бердим. Олкөдө тынчтык, биримдик, ынтымак бекем болсо  - мындан дагы чоң иштер аткарылат. Биздин буга көзүбүз жетет, реформаларга убакыт керек”, - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Эл менен жолугушуу бүткөн соң Президент райондун аксакалы Абдыкалык Эгембердиев менен өзүнчө жолугушуп баарлашты.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары эртең, 17-майда, Балыкчы шаарында уланат.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83