www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милиция үч жаштагы баланы жолбун ит сүйрөп бараткан жеринен куткарды

Айдар Нуралиев 17-май 2019, 13:05

Кылмыш жана кырсык


Милиция үч жаштагы баланы жолбун ит сүйрөп бараткан жеринен куткарды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын Аламүдүн райондук күзөт  бөлүмүнүн кызматкери милициянын кенже сержанты Адилет Бекжанов табелдик  курал менен  үч жаштагы баланы жолбун иттен сактап калды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкери жаш баланы куткаруу үчүн табелдик куралды колдонууга  туура келди. Бул окуя 2019-жылдын 16-май күнү болжол менен саат 15:00 чамасында  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы  башкы башкармалыгынын Аламүдүн райондук күзөт кызматынын кызматкери  Адилет Бекжанов, “Дордой” базарынын жанында жайгашкан күзөт постунда  кызматын өтөп жаткан кезде көчөдөн кичинекей баланын кыйкырган үнүн  угуп, чуркап чыкса баланы жолбун ит тиштеп кое бербей жатканын көргөн.   Топтолгон адамдар баланы иттен бошото албай убара тартышкан. 

Ошол  убакта, жолбун ит баланы тиштеп алып, башка тарапка сүйрөй баштаган.  Муну көргөн милиция кызматкери, табелдик куралды колдонууга туура  келген. Баланын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч алып келген итке ок  чыгарган. Натыйжасында, иттен баланы бошотууга мүмкүн болгон.

Окуядан кийин, милиция кызматкери тез жардам кызматын чакырып, баланы  ооруканага алып кетишкен. Өз кезегинде, баланын ата-энеси Кыргыз Республикасынын ИИМдин  Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын Аламүдүн  райондук күзөт кызматынын кызматкери, милициянын кенже сержанты Адилет  Бекжановго баланы куткаргандыгы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Кээ бир адамдар милиция кызматкеринин иш-аракетин туура эмес деп эсептөө  мүмкүн, бирок баланы куткаруу үчүн ар бир секунда маанилүү. “Ички иштер  органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин  2-пунктуна ылайык милиция, кызматкери жаныбардын кол салуусунан коргоо  үчүн табелдик куралды колдонууга укугу бар.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83